Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Президент Кызыл-Омполду мамлекет өзү иштете турганын айтты


Президент Садыр Жапаров 19-февралда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушкан учур. Анда Кызыл-Омпол кени талкууланды.
Президент Садыр Жапаров 19-февралда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушкан учур. Анда Кызыл-Омпол кени талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айтты.

Бул тууралуу мамлекет башчы 19-февралда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда билдирген. Президенттин басма сөз кызматы жарыялаган видеодо Садыр Жапаров Кызыл-Омпол иштетилсе 1000ден ашык жумушчу оруну түзүлөрүн кошумчалаган.

“Экинчи “Кумтөр” пайда болот. Жергиликтүү бийлик дотациядан чыгат, республикалык бюджетке салык түшөт жана пайдасы 100% Кыргызстанга калат. Кенди 5-6 жыл мурун жеке менчик компания казган. Пайдасы ошол компанияда калмак. Биз былтыр ал ишкананын лицензиясын жокко чыгарып, мамлекетке алдык. Азыр “Кумтөрдү” кандай иштетип аткан болсок, Кызыл-Омполду да 100% өзүбүз иштетебиз”, - деди президент.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% тория жана 0,17% уран.

Садыр Жапаров Кызыл-Омполдо урандын кени аз эле экенин, кен иштетиле турган болсо Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам өзгөртүлөрүн кошумчалады.

2019-жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG