Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Өкмөт социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөйт


Буудай. (Иллюстрациялык сүрөт)
Буудай. (Иллюстрациялык сүрөт)

Министрлер кабинети 2024-жылы социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн бааларынын өсүшүн кармап тууруу боюнча план камтылган атайын тескеме иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, документте социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүүсүн ооздуктоо, ички рынокту камсыздоо жана атамекендик өндүрүштү колдоо иш-чаралары жазылган.

Кыргызстан социалдык жактан маанилүү тогуз азык-түлүктүн ичинен үчөө - картошка, сүт жана жашылча менен гана өзүн камсыздай алат. Нан азыктары, мөмө-жемиштер, кумшекер, өсүмдүк майы, эт азыктары жана жумуртканын 70% сырттан, негизинен Орусия менен Казакстандан ташып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG