Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:42

Орусия Украинага чабуулун улантып, Авдеевкада фосфор снаряддарын колдонгону кабарланды


Авдеевкадагы коксохимиялык завод. Архивдик сүрөт.
Авдеевкадагы коксохимиялык завод. Архивдик сүрөт.

Орусия Украинанын аймагына чабуулдарын бүгүн 16-февралда да улантканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Соңку суткада Херсон облусуна артиллерия, миномет, дрон жана жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан сокку урулуп, бир адамдын өмүрү кыйылганын облус жетекчилиги билдирди.

Запорожье облусуна да Орусия болгон куралынан чабуул жасаганы, 17 калктуу пунктка 172 жолу сокку урулганы, алты адам жараат алганы кабарланды.

Полтава облусуна да эки күндөн бери ракеталык чабуул жасалып жатканын, жергиликтүү тургундар арасында жабыркагандар жок экенин облус жетекчилиги маалымдады.

Орусиянын соккусунан Жылуулук электр станцияларынын бири жабыркаганын өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди. Окуя кайсы аймакта болгону так айтылган жок, фронтко жакын тилкеде экени, объект ишин улантып жатканы, адамдар арасында жабыркагандар жок экени маалымалды.

Ал эми фронт тилкесинде соңку суткада 95 жерде кагылышуу болгонун, украин аскерлери Орусиянын жети багытта жасалган чабуулдарынын мизин кайтара алышканын, алардын көбү Авдеевка (33) жана Марьинка (34) аймактарында катталганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

Орус аскерлери Авдеевканы курчоого алуу аракетин улантып жатышканы, аларга жооп катары сокку урулуп, ошол жактагы бөлүктөрдү пландуу түрдө бекемдөө аракети көрүлгөнү айтылды.

15-февралдын кечинде «Таврия» аскердик бөлүгүнүн башчысы Александр Тарнавский Авдеевкада айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканын айткан, абалды «оор, бирок көзөмөл алдында» деп мүнөздөгөн.

16-февралда, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматынын маалыматына караганда, Авдеевкада орус аскерлери брондолгон техника жана жөө аскерлери менен тынымсыз чабуул жасап жатышат, Авдеевкадагы кокс химия заводунун аймагына фосфордук снаряддарды ыргытышкандыктан ишкананын ичиндеги мазут салынган цистерналар өрттөнүүдө.

Орусиянын маалымат каражаттары жана кабарчылары Авдеевканын айрым көчөлөрү алардын карамагына өткөнүн жазышкан. Украина бул маалыматка комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG