Былтыр 6-февралда Түркия менен Сириянын чектеш аймагында күчү 7,8 баллга жеткен зилзалада он миңдеген кишинин өмүрү кыйылган. Миллиондогон адам үй-жайынан ажыраган. "Азаттык" ал маалда бир катар кыргызстандыктар менен кабарлашкан эле. Бир жыл ичинде алардын жашоосунда эмне өзгөрдү?
Аида: Адам баарына көнөт тура...
2023-жыл, 6-февраль... Таңкы саат төрт чамасында Түркиянын Кахраманмараш провинциясындагы Пазаржык шаарында күчү 7,8 баллга жеткен зилзала катталды. Таң агарганда түрк бийлиги 11 провинцияда жер титирегенин кабарлады.
"Азаттык" дароо бул аймактарда жашаган кыргызстандыктарды издеп, Диярбакыр провинциясынын Эргани районунда жашаган Аида Бикирова менен байланышкан.
Аида анда эки баласы менен үйүнөн чуркап чыгып, башка аялдар жана балдар менен мечитте баш калкалап турганын айткан.
Күйөөсү полиция кызматкери болуп иштеген кыргыз келин бүгүн да ошол райондо үй-бүлөсү менен жашайт. Биз андан бир жыл ичинде жашоосу кандай өзгөргөнүн сурадык.
"Жер азыр да титиреп жатат. Биз тоонун этегине көчүп кеткендиктен көп сезбейбиз. Эл деле көнүп калды окшойт. Бирок Малатия, Кахраманмарашта жер титирегенде, бизге да таасирин тийгизип турат. Былтыр жети кабат үйдө түрчубуз. Жарака кеткендиктен, жашоочулардын баарын чыгарган. Азыр төрт кабат жаңы салынган үйдөн ижарага батир алып жашап атабыз. Бул зилзала баарыбызга чоң сабак болду окшойт. Кыргызстандан апам келген. Азыр жаныбызда. Балдарым мектепке, бакчага барт. Айтор, акчалуулар жер которуп, жогорку аймактарга көчүп кетти. Акчасы жоктор айылдарда калышты. Эч нерсе деле өзгөргөн жок. Биринчи үч ай "кудай, кудай" деп коркуп жашадык. Анан кийин көнүп калдык. Адам баарына көнөт турбайбы".
Жазгүл: Тогуз ай чатырда жашадык
Кыргызстандык Жазгүл Абдыкадырованын Хатай провинциясына караштуу Кырыкхан районундагы үйү толугу менен кыйраган. Кырсык болгондо сыртка чуркап чыгууга үлгүргөн Жазгүлдүн үй-бүлөсү алгач айылдагы кайын-журтунун үйүндө баш калкалаган. Көп өтпөй жер тамдар да жашоого жараксыз деп табылып, түрттүрүлгөн. Тогуз ай жакындары менен чатырда жашаган кыргыз келин зилзаладан бир жыл өтсө да, аймакта абал оор экенин айтып отурду:
"Тогуз ай чатырда жашадык. Абал абдан оор болчу. Биз турган Кырхан району, Антакия шаары жер менен жексен болду десем жаңылышпайм. Айла жок, чатырда жашаганга туура келди. Кайненемдин айылдагы үйүн да жогорудан кишилер келип түрттүрүп кетишкен. Ошентип, убактылуу жашап турганга үч бөлмөлүү жер там салдык. Быйыл жамгыр көп жаап, эл жашаган контейнерлердин ичин суу каптап, кыйын эле болду.
Үйүбүз качан салынары белгисиз. Эки ай мурда кызматкерлер келип, кайсы жерге кандай үй салынарын жазып, чийип кетишкен. Биз ошондо качан салынарын, качан бүтөрүн сурасак, "азырынча белгисиз, бул кагаздар бир канча жерге барып, кол коюлуп, анан жообу келет" дешти. Салына турган үйлөрдүн наркынын 69% мамлекет, 40% өзүбүз төлөйбүз. Ошол үмүт менен жашап жатабыз. Жашоо улана берет турбайбы. Ушуга шүгүр. Жаныбыз аман калганына сүйүнүп, баарына кайыл болуп турабыз".
Жазгүл Абдыкадырова жер титирегенден бери көп кабаттуу имараттарга кире албай коркуп калганын, жашоо мурдагы калыбына келиши үчүн көп убакыт керек экенин айтты:
"Хатай, Кахраманмараш аймактары өтө оор абалда. Жумушчулар иштеп жатат, бирок жакын арада оңолбойт деген ойдомун. Бат эле баары курула калбайт, анткени 11 провинцияны айылдары менен кошуп, кайра куруу кыйын. 8-10 жылда бүтсө да жакшы. Албетте, өз акчасына үй кургандар бар. Кабатуу үйдөн корккондор азыр айыл тарапка ооп, жер там салып атышат. Өзүм тууралуу айтсам, мен эми эки кабат үйдө да жашай албайм. Абдан коркуп калдым. Жер там чуркап чыга калганга жакшы экен. Жер дагы деле силкинип атат. Коркуп калгандан кийин көп кабат үйгө жолой албайт экенсиң".
Алтынбек: Диплом күтүп атам
Алтынбек Манас уулу былтыр Газиантеп университетинин теология факультетинин 4-курсунун студенти эле.
Аны менен байланышканыбызда, шаардагы кыргызстандык мигрант кыз-келиндерге жардам берип жүргөнүн, алардын айрымдарын Казакстандан барган учак менен үйүнө жөнөтүп коюп, өзү башка шаарга кеткенин кабарлаган болчу.
Алтынбек быйыл окуусун аяктап, дипломун күтүп жатканын айтты:
"Жер титирегенден кийин үч күн шаарда болдум. Газиантептен башка шаарга чыгыш кыйын эле. Калк биз окуган университет, мечит, китепканаларда баш калкалап турду. Кийин Анкарага жеттик, ал жерде бир күн тургандан кийин Кония шаарындагы жердеш байкелердин үйүнө бардык. Окуу онлайн болорун уккандан кийин Кыргызстанга учуп кеттим. Тилекке каршы, кээ бир сабактардан калып, окуумду узартканга туура келди. 15-июлда Газиантепке кайра учуп келип, сынак тапшырдым. Күзгү семестрди бүтүрүп, эми дипломду күтүп атабыз. Жер титирегенден кийин жергиликтүү калк абдан кыйналды. Контейнер, чатырларда жашагандар бар. Газиантеп анча жабыркабаганы менен, шаар четиндеги айрым имараттар кыйраган, жарака кеткендери да түрттүрүлгөн".
Кыргызстандык куткаруучулардын эрдиги
Зилзаланын бир жылдыгына карата 2-февралда Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая атайын жыйын уюштуруп, апаатта жалпысынан 53 537 киши каза болгонун, 100 миңден ашык киши жараат алганын билдирди. Министрдин билдиргендей, 11 провинцияда дээрлик 39 миңдей имарат тыптыйпыл болгон.
3-февралда президент Режеп Тайип Эрдоган Хатай провинциясына барып, алгачкы этапта жаңы салынган 7275 батирдин ээлерине ачкыч тапшырды. Ал былтыр 11 облус, 124 район, 7 миңге жакын айыл-кыштак кыйраганын, 14 миллион жаран кырсыктан жабыркаганын белгиледи.
"Учурда салынып аткан 40 миң турак жайдын курулушу аяктаганда ээлерине тапшырабыз. Буюрса эки ай ичинде жер титирөө болгон аймакта 75 миң турак жайды тапшырабыз. Максатыбыз - мындан кийин ай сайын 15-20 миң батир жана жер тамды ээлерине тапшыруу", - деген Эрдоган.
Түрк бийлиги жыл аягына чейин 200 миң үйдү ээлерине тапшырууну ниет кылууда.
Былтыр Түркиядагы жер титирөөдөн кийин 102 өлкө жардам сунуштап, 90 мамлекеттен куткаруучулар, медициналык кызматкерлер барган.
Кыргызстандык 200гө жакын куткаруучу Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерине катышып, уранды астынан сегиз адамды тирүү куткарып, 198 кишинин сөөгүн табышкан.
Былтыр 25-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара шаарында жер титирөөдөн кийин куткаруу иштерине жардам берген чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган. Анда Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүнов Түркиянын Мамлекеттик медалын, ал эми Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Ардак грамота алган.
14-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиядагы издөө-куткаруу иштерине катышкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 41 кызматкерине "Эрдик" жана "Даңк" медалдарын тапшырган.
"Тилектештикке" тигилген боз үйлөр
Куткаруу иштери уланып жатканда, Кыргызстан Түркияга жалпысынан 120дан ашык боз үй жөнөткөн.
Көп өтпөй түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын уулу Билал Эрдоган башында турган Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы Кыргызстан жана Казакстандан келген жүздөгөн боз үйдү бир комплекстин тегерегине тигип, "Тилектештик лагери" деп атаган.
Конфедерациянын Ютуб каналы былтыр 7-декабрда "Тилектештик лагеринен" атайын видео жарыялады. Анда тегерете тигилген боз үйлөрдө азыр да зилзаладан кийин үй-жайсыз калгандар жашап жатканын, балдарга арналган ийримдер уюштурулуп, анда жашагандар шарты дурус экенин айтышкан.
Былтыр 6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта да таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллдык жер титирөө дагы кайталанган. Сирияда зилзаладан 6 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.
Түркиянын Казына жана каржы министрлигинин маалыматында катуу жер титирөөнүн материалдык чыгымы 2 триллион лираны (103,6 миллиард доллар) түзгөн.