Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Иорданиядагы үч жоокеринин өлүмүнө АКШ кандай жооп берет?


"Tower 22" базасы. Спутниктен тартылган сүрөт. 12-октябрь, 2023-жыл
"Tower 22" базасы. Спутниктен тартылган сүрөт. 12-октябрь, 2023-жыл

Президент Жо Байден америкалык үч аскердин Иорданиядагы базада дрон соккусунан каза тапканына жооп кайтарыларын эскертти. Иран ал окуяга тиешеси бар деген айыптоолорду четке кагууда. Бул окуя эксперттер Газадагы жаңжал ырбап кетиши мүмкүн деп тынчсызданып турган маалда болду.

Америкалык базага кол салуу жана Ирандын жообу

Байден 27-январда Иорданияда жайгашкан аскердик базага жасалган чабуулда канча аскер жабыркаганын тактабаганы менен АКШнын расмий өкүлдөрү кийинчерээк бери дегенде 34 жоокер жарадар болгонун же контузия алганын билдирди.

Рейтерс агенттиги жазгандай, Пентагондогу атын атабаган булактар жараат алгандардын айрымдары дарылануу үчүн базадан эвкуацияланганын, пилотсуз учак таң эрте казарманын жанына түшкөнүн, андыктан жабыркагандар көп болгонун айтып беришкен.

Ак үй коргоо министри Ллойд Остин президент Байденге окуя тууралуу жекшембиде эртең менен маалымат бергенин билдирди.

Жо Байден. Түштүк Каролина. 28-январь, 2024-жыл
Жо Байден. Түштүк Каролина. 28-январь, 2024-жыл

Байден ошол күнү жасаган билдирүүсүндө кол салууга байланышкан фактыларды чогултуп жатышканын айтып, чабуулду Сирия жана Иракта жайгашкан Иран колдогон радикал уюмдар ишке ашырганы маалым экенин белгиледи.

"Биз жоготкон америкалык үч жоокер бул сөздүн эң бийик маанисинде патриот болчу. Алардын элесин элибиз эч качан унутпайт. Маркумдардын үй-бүлөлөрүнүн алдындагы ыйык милдетибизди биргелешип аткарабыз. Алардын ар-намысына жана эрдигине татыктуу болууга аракеттенебиз. Алардын терроризмге каршы күрөшүү вазийпасын улантабыз. Соккунун артында тургандарды өзүбүз билген убакытта жана өзүбүз тандаган ыкма менен жоопко тартарыбыздан күмөн санабагыла", - деди Байден.

Ошол эле маалда америкалык расмий өкүлдөр сөз кайсы уюм тууралуу жүргөнүн ачыктаган жок.

29-январда Ирандын Тышкы иштер министрлиги соккуга Тегерандын тиешеси жоктугун билдирип, айыптоолорду “негизсиз” деп четке какты. Мекеменин басма сөз катчысы Насер Канаани региондогу “козголоңчу топтор” Тегерандын буйругу менен иш алып барбасын айтты.

Газадагы жаңжалдын жайылуу коркунучу

Аналитиктер бул окуя Байден администрациясына чечкиндүү чара көрүү кысымын күчөтөт деп болжолдошот.

"Америкалык аскерлер каза тапкан бул алгачкы кол салууну президенттин администрациясы жана Пентагон олуттуу кабыл алып, катуу реакция болот деп ойлойм. Эми эскалациянын кеңейишине алып келе турган чечүүчү учур келеби? Бул ошол реакциянын мүнөзүнө жараша болмокчу", - деп эсептейт улуттук коопсуздук боюнча америкалык эксперт Эллисон Макманус.

Иорданиянын аймагында өткөн иорданиялык жана америкалык аскерлердин биргелешкен машыгуусу, 24-май, 2016-жыл.
Иорданиянын аймагында өткөн иорданиялык жана америкалык аскерлердин биргелешкен машыгуусу, 24-май, 2016-жыл.

Вашингтондун аймактагы жакын өнөктөшү Амман аскердик жайга болгон “терактты” айыптап, Кошмо Штаттар менен биргелешип өз чек араларын коргоону бекемдеп жатканын билдирди. Бул 7-октябрда Газадагы согуш башталгандан бери АКШнын Иорданиядагы жайларына болгон агачкы кол салуу.

Маалыматтарга караганда, бул өлкөдөгү базаларда Пентагондун 3 миңдей аскери жайгашкан. Алар көп учурда Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун жана башка террордук топтордун жоочуларына каршы операцияларга тартылып жүрөт.

Америкалык айрым маалымат каражаттары жазгандай, чабуулга туш болгон «Tower 22» авиабазасы Сирия менен чек арадагы ээн чөлдө орун алган. Өткөн октябрда ага жакын жердеги Эт-Танфа базасына да пилотсуз учактан сокку урулганда, америкалык бир аскер жабыркаганы кабарланган.

Бир катар эксперттер палестин анклавындагы согуш жайылып, башка өлкөлөр да тартылып кетиши мүмкүн деген тынчсыздануусун эбактан бери билдирип келатат. Айрымдары абалдын мындай курчушу күтүлгөн окуя болчу деп белгилешет.

Иран колдогон радикал уюмдар октябрдын ортосунан тарта АКШнын Ирак жана Сириядагы объектилерин бутага алып, бир нече аскер жарадар болгон. Кошмо Штаттар да ал соккуларды жоопсуз калтырган жок.

Бирок Вашингтон биринчи жолу түздөн түз Тегеранды айыптап жатат.

Андан тышкары былтыр ноябрдан бери Йемендеги хуситтер Кызыл деңиз жана Аден булуңундагы соода кемелерин аткылап келатат. АКШ менен Британия жооп иретинде козголоңчу топко сокку урууда.

Муну менен катар акыркы жумаларда Иран “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна же Израилге тиешеси бар деген жүйө менен Сириятагы, Ирактагы жана Пакистандагы бир нече жайга чабуул койду.

XS
SM
MD
LG