Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Азия Кубогу-2023: Катар мелдешти жеңиш менен баштады


Катардын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Алмоез Али голун майрамдап жатат. 12-январь, 2024-жыл.
Катардын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Алмоез Али голун майрамдап жатат. 12-январь, 2024-жыл.

12-январда Катардын Лусаил шаарында футбол боюнча Азия кубогу башталды. Алгачкы оюнда талаа ээлери Катардын оюнчулары Ливандын курамасын 3:0 эсеби менен утту. Беттеш "Лусаил" стадионунда өтүп, Катардын чабуулчусу Акрам Афиф каршылаштардын дарбазасына катары менен эки, дагы бир чабуулчу Алмоез Али бир гол киргизди.

Оюн алдында мелдештин ачылуу аземи өтүп, иш-чара театралдаштырылган шоу-программа менен коштолду. Салтанатка Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танини, ФИФАнын жана АФКнын президенттери баштаган бир катар Азиядагы өлкөлөрдүн Футбол федерацияларынын жетекчилери катышты.

Азия Кубогунун салтанаттуу ачылуу аземи. Лусаил стадиону. 12-январь, 2024-жыл.
Азия Кубогунун салтанаттуу ачылуу аземи. Лусаил стадиону. 12-январь, 2024-жыл.

Азия кубогу үчүн 24 улуттук курама команда катышууда. Жалпы алты тайпага төрттөн курама бөлүнгөн. Мелдеш жүрүшүндөгү 51 беттеш Катардагы тогуз стадиондо өтөт.

12-январда башталган мелдеш 10-февралга чейин уланат. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.

Кыргызстан курамасы F тайпасында ойнойт. 16-январда Таиланд, 21-январда Сауд Арабиясы, 25инде болсо Оман менен беттешет.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Буга чейин 18 жолу өткөн Азия кубогунда Жапония төрт жолу, Сауд Арабия менен Иран үч жолудан, Түштүк Корея эки ирет чемпион болсо, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолудан чемпион болгон. (GT)

XS
SM
MD
LG