2024-жылдын биринчи аптасында "Азаттыктын" ар кайсы кызматтары тарткан кызыктуу, таасирдүү сүрөттөр топтомун сунуштайбыз.
Москвадагы ызгаар, тумандуу таңда эчки кайтарган Биби (сүрөт баян)
![Москвада ызгаар суук... Тоңуп калган Москва дарыясында муз жаргыч кеме иштеп жатат. ](https://gdb.rferl.org/01000000-c0a8-0242-849a-08dc0df005a4_cx0_cy10_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
1
Москвада ызгаар суук... Тоңуп калган Москва дарыясында муз жаргыч кеме иштеп жатат.
![Мышыгын көтөргөн аял Харьков шаарына орус армиясынын чабуулунда жабыркаган үйүнүн алдында турат. Украина ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-830c-08dc0dff82a8_w1024_q10_s.jpg)
2
Мышыгын көтөргөн аял Харьков шаарына орус армиясынын чабуулунда жабыркаган үйүнүн алдында турат. Украина
![14 жаштагы Биби тумандуу таңда эчки кайтарып отурат. Пакистан, Пешавар шаарынын чети. ](https://gdb.rferl.org/01000000-c0a8-0242-034f-08dc0dccfed3_w1024_q10_s.jpg)
3
14 жаштагы Биби тумандуу таңда эчки кайтарып отурат. Пакистан, Пешавар шаарынын чети.
![3-январда Москвада абанын температурасы -24 градуска жетти. Аяздуу күндө сейилдеп жүргөн аял.](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-c47d-08dc0cf18329_w1024_q10_s.jpg)
4
3-январда Москвада абанын температурасы -24 градуска жетти. Аяздуу күндө сейилдеп жүргөн аял.
![Пакистандын Равалпинди шаары. Оюнчук саткан киши кардар күтүп отурат. ](https://gdb.rferl.org/01000000-c0a8-0242-f0de-08dc0dfb66bb_w1024_q10_s.jpg)
5
Пакистандын Равалпинди шаары. Оюнчук саткан киши кардар күтүп отурат.
![Ирандагы кош жардыруудан жаракат алгандар. 3-январь, Ирандын түштүгүндөгү Керман шаарындагы оорукананын алды. Генерал Касем Сулайманини эскерүүгө эл чогулган учурда болгон жардыруулар жана андагы 84 кишинин өлүмү үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" (ИМ) экстремисттик тобу өзүнө алды. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-4e22-08dc0d431408_w1024_q10_s.jpg)
6
Ирандагы кош жардыруудан жаракат алгандар. 3-январь, Ирандын түштүгүндөгү Керман шаарындагы оорукананын алды. Генерал Касем Сулайманини эскерүүгө эл чогулган учурда болгон жардыруулар жана андагы 84 кишинин өлүмү үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" (ИМ) экстремисттик тобу өзүнө алды.
![Пакистандын Пешавар шаары. Туман жана суукта көчөдө жоолук жамынып отурган киши. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-2e4b-08dc0d3b4d5b_w1024_q10_s.jpg)
7
Пакистандын Пешавар шаары. Туман жана суукта көчөдө жоолук жамынып отурган киши.
![Македониянын борбору Скопьедеги коюу туман жана булганган аба. Аба сапатынын индекси "ден соолукка зыяндуу" деп табылып, Скопье дүйнөдөгү эң кир шаарлардын катарына кошулду. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-f24e-08dc0d3c271e_w1024_q10_s.jpg)
8
Македониянын борбору Скопьедеги коюу туман жана булганган аба. Аба сапатынын индекси "ден соолукка зыяндуу" деп табылып, Скопье дүйнөдөгү эң кир шаарлардын катарына кошулду.
![Ооганстандык балдар Газнидеги музейдин алдында советтик доордон калган танктын үстүндө ойноп жатышат.](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-36b2-08dc0d42ae1a_w1024_q10_s.jpg)
9
Ооганстандык балдар Газнидеги музейдин алдында советтик доордон калган танктын үстүндө ойноп жатышат.
![Пакистан, Исламабад. Тумандуу таңда эс алуу багында сейилдеп жүргөндөр. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-e94e-08dc0c2a1b58_w1024_q10_s.jpg)
10
Пакистан, Исламабад. Тумандуу таңда эс алуу багында сейилдеп жүргөндөр.
![Москва. Павильондун терезесинен шаар борборундагы жаңы жылдык жана Рождество жарманкесин карап отурган аял. ](https://gdb.rferl.org/01000000-c0a8-0242-5db5-08dc0c64e92e_w1024_q10_s.jpg)
11
Москва. Павильондун терезесинен шаар борборундагы жаңы жылдык жана Рождество жарманкесин карап отурган аял.
![Украина. Орусиянын Киевге ракеталык соккусунан кийин өрттөнүп жаткан автосалон. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-71cc-08dc0c424e89_w1024_q10_s.jpg)
12
Украина. Орусиянын Киевге ракеталык соккусунан кийин өрттөнүп жаткан автосалон.
![Киевде орус армиясынын ракеталык чабуулу болгон жерде жаткан куурчак. 2-январь, 2024-жыл ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-c38f-08dc0b745439_w1024_q10_s.jpg)
13
Киевде орус армиясынын ракеталык чабуулу болгон жерде жаткан куурчак. 2-январь, 2024-жыл
![Пакистан, Лахор шаары. Крикет ойногон жеткинчектер.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-dd84-08dc0adbcab8_w1024_q10_s.jpg)
14
Пакистан, Лахор шаары. Крикет ойногон жеткинчектер.
![Пакистан, Карачи шаарындагы Бахрия мунарасы. 1-январдагы күн чыккан учуру. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-a68b-08dc0ad715b2_w1024_q10_s.jpg)
15
Пакистан, Карачи шаарындагы Бахрия мунарасы. 1-январдагы күн чыккан учуру.
![Венгрия. Балатон көлүндөгү жаңы жылдык сууга чөмүлүү жөрөлгөсү. ](https://gdb.rferl.org/01000000-c0a8-0242-d954-08dc0c41d44a_w1024_q10_s.jpg)
16
Венгрия. Балатон көлүндөгү жаңы жылдык сууга чөмүлүү жөрөлгөсү.
![Босния, Сараево шаарын каптаган ыш. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-c047-08dc0ad62ef1_w1024_q10_s.jpg)
17
Босния, Сараево шаарын каптаган ыш.
![Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балаты. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-afff-08dc0ac0ea50_w1024_q10_s.jpg)
18
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балаты.
![Ирандык христиандарды негизинен армяндар түзөт. 1-январда Тегерандагы Сурб Саркис чиркөөсүндөгү сыйынуу.](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-cb47-08dc0ad3e3fe_w1024_q10_s.jpg)
19
Ирандык христиандарды негизинен армяндар түзөт. 1-январда Тегерандагы Сурб Саркис чиркөөсүндөгү сыйынуу.
![Пакистандын Пешавар шаары. Дүң базарда балык иргеп жаткан жумушчулар.](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-3dbf-08dc0c29e87f_w1024_q10_s.jpg)
20
Пакистандын Пешавар шаары. Дүң базарда балык иргеп жаткан жумушчулар.