Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Залужный иш бөлмөсүнөн тыңшоочу каражат табылганы боюнча маалымат берди


Валерий Залужный.
Валерий Залужный.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы Валерий Залужный иш бөлмөсүнөн тыңшоочу каражат табылганы тууралуу кабарларга байланыштуу маалымат берди. 18-декабрда "РБК-Украина" басылмасына курган маегинде ал техникалык каражат иш бөлмөсүнөн эмес, бүгүн барып иштегени жаткан башка имараттан табылганын айтты.

"Менин иштеген орундарым бир нече жерде жайгашкан. Ошолордун биринен табылды. Ал жакка көптөн бери бара элек болчумун. Бирок биз текшерип чыккандан кийин тыңшоочу каражат таптык", - деди Залужный.

Башкы командачы бул окуяны согуштун контекстинде кароо зарыл экенин белгилеп, тыңшоого аракет кылгандар ким экени тууралуу версиясы жоктугун, баары тергөөнүн жыйынтыгында белгилүү болорун айтты жана тыңшагычты Башкы штарбын кызматкерлери койбогонун кошумчалады.

Атайын каражаттардын бир нечеси табылганын Башкы штаб дүйшөмбүдө кабарлаган.

Өлкөнүн Коопсуздук кызматы Залужныйдын иш бөлмөсүнөн табылган техникалык каражат өчүк турганын, кылмыш иши козголгонун билдирди.

Украинанын жана Батыштын жалпыга маалымдоо каражаттары соңку кезде Залужный менен президент Владимир Зеленскийдин мамилесинде карама-каршылык пайда болгонун жазып жатышат.

Залужный The Economist журналына маек куруп, Орусия менен согуш "туюктукка кептелгенин", чабуулдар позициялык согушка айланып, узакка созулуу коркунучу бар экенин айткан. Зеленский кийинчерээк анын сөзүн четке каккан, бирок Associated Press агенттигине курган маегинде курал жетишсиздигинен улам Украина ойлогондой жыйынтыкка жетпей жатканын билдирген. Ошол эле учурда ал Киев ишенимдүү согушуп жатканын, эч убакта багынбастыгын белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG