Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Евробиримдик Орусияга айрым товар Борбор Азия аркылуу өтүп жатканына тынчсызданууда


Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан.
Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан.

Борбор Азия өлкөлөрү Орусиянын Украинага каршы аскерий агрессиясына жооп катары Евробиримдик киргизген санкцияларды айланып өтүү үчүн аянтча катары колдонулушу мүмкүн. Бул тууралуу Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Өзбекстандын Gazeta.uz басылмасына курган маегинде билдирди.

О'Салливан 29-30-ноябрь күндөрү Өзбекстанда болду. Бул европалык дипломаттын соңку сегиз айдагы Борбор Азияга болгон экинчи сапары. Ал апрель айында ушул аймакта болгон.

Евробиримдиктен Борбор Азияга, анын ичинде Өзбекстанга, Казакстанга жана Кыргызстанга экспорт акыркы мезгилде кыйла өстү. Ошол эле учурда чөлкөмдөн Орусияга продукцияларды жеткирүүнүн көлөмү кескин өстү.

"Биз Орусия менен сооданын багыты өзгөргөнүн көрүп жатабыз. Азыр Казакстан, Өзбекстан, Армения, Сербия, Түркия, БАЭге барат. Биз товарлардын кээ бир түрлөрү бул өлкөлөр аркылуу Орусияга өтүп жатканына тынчсызданып жатабыз”, - деген Дэвид О'Салливан.

Брюссел бул Кремлге санкцияларды айланып өтүүгө жардам берет деп кооптонууда. Өзбек бийликтери акыркы сүйлөшүүлөрдө Евробиримдиктин өкүлүн санкцияларды айланып өтүүдө ортомчу болбойбуз деп ишендирип, реэкспортко байланыштуу абалдын жакшырганын тастыктаган статистикалык корутундуларды берүүгө убада кылышкан.

Анткен менен ЕБ Ташкенттен Москва менен соода-экономикалык карым-катнашты кыскартууну талап кылбайт.

"Биз Өзбекстандан санкциялардын толук спектрин сактоону талап кылбайбыз, бул абдан кыйын. Бирок биз Орусиянын аскердик аракеттери үчүн өзгөчө маанилүү болгон 45ке жакын продукциянын азыраак санын аныктадык. Ал эми биз бул товарларды Өзбекстан сыяктуу үчүнчү өлкөлөрдөн реэкспорттоого жол бербөөгө аракет кылып жатабыз", - деп белгиледи Евробиримдиктин атайын өкүлү.

Буга чейин "Верстка" басылмасы акыркы жарым жыл ичинде эле Орусия санкцияларды буйтап өтүп, жалпы суммасы жарым миллиард долларды түзгөн Батыш компанияларынын чиптерин импорттогонун жазган. Бул чиптер курал-жабдык чыгарууда да колдонулушу мүмкүн. Андан тышкары коргонуу өндүрүшү үчүн миллиондогон долларга жабдыктар жана жарандык авиация үчүн тетиктер киргизилген.

Журналисттер жабык бажы статистикасынын жардамы менен Орусияга 1-январдан 1-июлга чейин киргизилген санкциялык буюм-тайымдардын көлөмүн эсептеп чыгышкан.

Орусияга тыюу салынган товарлар негизинен Кытай, Гонконг, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркия аркылуу реэкспорт болору кабарланган. Ошондой эле Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Өзбекстан дагы маанилүү роль ойноору иликтөөдө белгиленген.

XS
SM
MD
LG