Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Көкжал дипломаттын талаштуу мурасы


Генри Альфред Киссинжер.
Генри Альфред Киссинжер.

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Альфред Киссинжер (төрөлгөндөгү ысымы - Хайнц Альфред Киссингер) 100 жашында дүйнө салды. Германиядагы Фюрт шаарындагы еврей мугалимдин уулу. Энеси үй кызматчысы. Жакын туугандарынын баары Холокостто курман болуп, 1938-жылы АКШга качып аман калган. Карапайым интеллигенттин качкын уулу дүйнөдөгү эң ири, бирок бөтөн мамлекетте баш дипломат болду, дүйнөнүн тагдырын чечкен оюндарга аралашты, айрымдарын өзү уюштурду. Американын жарандыгын 20 жашында алган еврей жигит кийин Кошмо Штаттардын кызыкчылыгы үчүн бүт өмүрүн арнады. Баракелде. Тегине, улутуна карабастан адамды баалоонун, анын акылы менен дараметин мамлекеттин кызыкчылыгына пайдалануунун мыкты өрнөгү. Жарандык иденттүүлүктүн жана улутка кызмат кылуунун чыныгы үлгүсүн көрсөткөн улуу саясатчы.

Президент Ричард Никсондун тушунда Киссинжер АКШ менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди түзүү планын иштеп чыгат. 13 июнь, 1973-жыл.
Президент Ричард Никсондун тушунда Киссинжер АКШ менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди түзүү планын иштеп чыгат. 13 июнь, 1973-жыл.

Орошон дипломат ат үстүндө, колу тизгинде туруп, буту үзөңгүдөн тайбастан ары карады. Ат жалында дегенибиздин жөнү бар. Анткени кылым жашаган карт саясатчы, кексе дипломат өмүрүнүн соңку сааттарына чейин иш үстүндө болду. Дүйнөлүк саясатчылар жана кебин угуп калсам экен деген дилгир жаштар менен ургаалдуу сүйлөшүп, адамзатты түйшөлткөн оор проблемаларды чечүүнүн жолун чалып, не бир түркүн, чиеленишкен суроолордун жообун издеп, акыл-кеңешин айтып жатып каза болду. Американын, Европанын, Азиянын алдыңкы өлкөлөрүнүн, Киссинжер өңдөнгөн үлкөн саясатчылардын таалими бизге өрнөк болмогу оңбу дейм. Мамлекеттик бийлик тажрыйбалуу мамлекеттик ишмерлерди, саясатчыларды тулпар тушунда деп саясаттан четтетпейт, кийлигишпей шүк отурбайбы деп жектебейт. Алардын акыл-билимин, тажрыйбасын, таасирин, сүрүн, зоболосун, аброюн, алака-байланыштарын, кыскасы, дараметин мамлекеттик иште, көбүнчө сырткы саясатта же интеллектуалдык иштерде пайдаланат.

Генри Киссинжер баласы Дэвидди жетелеп баратат. Швейцария, 15- август, 1971-жыл.
Генри Киссинжер баласы Дэвидди жетелеп баратат. Швейцария, 15- август, 1971-жыл.

Мамлекеттик ишмерлер да, жогорку даражалуу саясатчылары да саясатка ыгы жок кийлигишпейт, кызмат сурап ийилип барбайт, бийлик чакырса, туунун жанында калдайып туруп берет, табыштаса, кызматын кылып берет. Болбосо лекциясын окуп, китебин жазып, айтор, билген билимин, акылын, топтогон тажрыйбасын кайра мамлекетке, коомго жумшайт. Мунун эң мыкты мисалдары өтө арбын. Кошоматка, үмүт эткен ардактуу наамы же суранган сыйлыгы үчүн эскилер бийликке жүгүнбөйт, аксакалдар утурумдук колдоого пайдаланылбайт, флешмобдун, коомдук пикирдин урматына садага чабылбайт. Демек, бийлик да, бийликтен кеткендер да бири бирине сый мамиледе болуп, өз ара өнөктөш, акыры коомго пайдалуу кызматташтык жүргүзөт. Ушул көрүнүш бизде бийлик да, бийликтен кеткен экстер да колдоно турган жакшы тажрыйба окшобойбу.

Генри Киссинжер жана Си Цзинпин. Киссинжердин быйыл жай саратандагы Бээжинге сапары. 2023-жыл.
Генри Киссинжер жана Си Цзинпин. Киссинжердин быйыл жай саратандагы Бээжинге сапары. 2023-жыл.

Маселен, Генри Киссинжер быйыл жай саратанда түп Бээжинге сапар тартып, Кытай менен Американын мамилесин оңдоонун камын көрдү. Кытайдын эзелки досу Киссинжерди Бээжин кушубак кабыл алганын дүйнөлүк саясаттагы ар бир кыймылга көз салган аналитиктер дароо байкаган. Андан мурда барган мурдагы мамкатчы, АКШнын климаттык өзгөрүү маселелери боюнча азыркы атайы өкүлү Жон Керрини төрага Си кабыл алган эмес. Эмки мамкатчы Энтони Блинкенди Кытай лидери америкалык делегация менен бирге, жалпы үстөлдө төрдө отуруп каршы алган. Си Цзинпин Киссинжер менен кырма кызыл үстөлдүн четинде жакын отуруп, эски досунан бетер чер жазыша сүйлөшкөн. Дипломатияда баары мааниге ээ. Кытай прессасы дал ушул сүрөттү жарыялоо менен, далай нерсени каңкуулаган эле.

Киссинжер - Бээжин үчүн аныгында абдан сыйлуу мейман гана эмес, тассирдүү саясатчы, эмгеги сиңген, АКШ менен Кытайдын мамилесин чындаган анык элчи. Быйыл июлда Киссинжер менен жолукчуда Си “төрага Мао Цзедун, премьер-министр Чжоу Энлай, президент Ричард Никсон жана сиз стратегиялык туура тандоо жасап, кытай-америка мамилесин ондоо процессин баштагансыздар. Ал процесс эки өлкөнү гана эмес, дүйнөнү өзгөрттү” деген баасын берип, эми да ошондой стратегиялык көрөгөчтүгү бар инсандар мамилени кайра оңдойт эле сындуу үмүтүн билдирген эле. Киссинжер Кытайга биринчи жолу 1971-жылы июль айында барган экен.

КПСС БКнын Башкы катчысы Леонид Брежнев жана СССРдин тышкы иштер министри Андрей Громыко АКШнын мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер менен жолугууда. Москва, 21-январь, 1976-жыл.
КПСС БКнын Башкы катчысы Леонид Брежнев жана СССРдин тышкы иштер министри Андрей Громыко АКШнын мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер менен жолугууда. Москва, 21-январь, 1976-жыл.

“Дипломатиянын гроссмейстери” ылакап аты бар Киссинжер - АКШ менен Кытайдын жакындашуусунун автору. Президент Ричард Никсондун тушунда Киссинжер АКШ - Кытай ортосундагы дипломатиялык мамилелерди түзүү планын иштеп чыгат. Ага чейин “теннис дипломатиясы” аталган ишараттар жасалып, медиа айдыңда атайы макалалар, билдирүүлөр жарыяланат. Коммунисттик Кытайга президенттерден эч ким бара элек болчу. 1972-жылы Никсон Кытайга алгачкы ирет визит жасайт. Шанхайда кабыл алынган коммюникеде "Америка бир эле Кытайды тааныйт" деген принципти колдойт. Албетте, дипломатиялык мамиле 1978-жылы гана түзүлөт. Бирок Киссинжердин планы, “Кытай – окуп бүтпөй турган университет” деп, бул улуу өлкөгө таасын баа берген Никсондун сапары жана Шанхай коммюникеси эки мамлекеттин өз ара мамилесине жагымдуу таасирин тийгизген.

Ошентип, АКШ менен Кытайдын мамилесин бекемдөө идеясынын автору, ошол саясаттын анабашы Киссинжер акыркы ирет Кытайга эки өлкөнүн мамилеси абдан чыңалып турган учурда барып, алаканы оңдоо процессине салым кошкусу келди. 100 жашар карт дипломат Кытайга 100-жолку, соңку сапарында Киссинжер Кытай жетекчиси Си Цзинпин, тышкы иштерин тейлеген Ван И менен жолугуп, Бээжиндин маанайын жылытып кайткан. Тээ бир кезде өзү демилгелеген жана ишке ашырууга катышкан Шанхай коммюникесин эске салып, эки жактан тең кетип жатат, тирешпей эсиңерди жыйгыла, эки тараптан тең бири бириңди утурлай кадам жасагыла деп кыйытып кайткан. Албетте, Киссинжер Бээжинге расмий бийлик өкүлү эмес, жеке адам катары барган, бирок америкалык дипломатиянын ардагеринин Си менен кезигип, пикир алмашуусу президент Жо Байден жана төрага Си Цзинпиндин саммитин утурлаган чоң мааниге ээ кадам, эки жакка тең ишарат болгону талашсыз.

Спикер Нэнси Пэллосинин Тайванга чуулгандуу сапарынан кийин Кытайдын эски досу атайы ат арытып келип, Бээжиндин бир аз да болсо көңүлүн жибитсе керек. Жибитип эле тим болбой, Кытай жетекчилигинин маанайынан кабар алып, планын байкап, анысын расмий Вашингтон менен бөлүшмөгү турулуу иш. Асыресе, дипломатияда расмий эмес адамдардын алакалары айрым учурларда мамлекеттик делегациялардын сүйлөшүүлөрүнө караганда чоңураак роль ойноп келген.

Генри Киссинждер - саясаттын патриархы. Ал англис жана немис тилдеринде бирдей мыкты сүйлөп, Германияны жакшы билгендиктен, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Европада атайы миссияларды аткарган. Миссиялардын маңызы көпчүлүккө али белгисиз. Европадан кайткан соң, Гарвардды аяктап, “Тарыхтын мааниси: Шпенглер, Тойнби жана Кант тууралуу ой толгоо” аттуу темада докторлук диссертациясын жактайт. Эл аралык саясат боюнча мыкты адис катары таанылган Киссинжер 3 президенттин, тактап айтканда, Дуайт Эйзенхауэрдин (1953–1961), Жон Кеннединин (1961–1963) жана Линдон Жонсондун (1963–1969) администрациясында коопсуздук боюнча башкы эксперти болгон. Президент Никсондун тушунда улуттук коопсуздук боюнча кенешчи, мамлекеттик катчынын милдетин аткарган. Айтмакчы, Киссинжер кийин Джеральд Фордддун (1974–1977) администрациясында да мамкатчы бойдон калган. Демек, ал эки президенттин тушунда тышкы саясатты тейлеген мамлекеттик катчы.

Эсил кайран Киссинжер XX кылымдагы дипломатиянын алпы болгону чындык. Анын дипломатиядагы салымы эң ири эки мамлекет болгон АКШ менен Кытайдын жакындашуу процессин баштаганы менен чектелбейт. Киссинжер дагы бир ири мамлекет СССРдин АКШ менен мамилесин жакшыртууга багытталган көп ишти аткарган. Тирешүү натыйжа бербесине эки жакты тең ынандырып, ийкемдүү саясат жүргүзгөн. “Ким демилгелесе, ошол утат, ким биринчи кол сунса, ал багынгандык эмес, жеңишке карай чоң кадам” деп президент Никсонду ынандырат. Бул оор иш, өтө чоң жетишкендик эле. Анткени СССР менен сүйлөшүүлөрдү чегинүү, багынуу деп эсептеген америкалык элитанын каршылыгы абдан күчтүү болгон. Акыры Никсон ийге келип, Советтер Союзуна расмий визит менен келет. Вашингтон менен Москва чабуул коюучу стратегиялык куралдарды чектөө боюнча келишимге, эки мамлекеттин дипломатиялык алакасын жөнгө салган “АКШ менен СССРдин өз ара мамилелеринин негиздери” аттуу макулдашууга кол коёт.

Киссинжер - СССР менен Кытайга жылуу мамилесин өмүрүнүн аягына чейин сактаган дипломат.

Орусиянын президенти Путин Киссинжер менен тез-тез жолугуп турганы маалым. Натыйжасы белгисиз, бирок Путин мындан утулбаса керек. Айтмакчы, Киссинжер орус-украин согушу боюнча да өз позициясын билдирип, Украина алдырып жиберген жерлеринен айрылганына макул болсо гана согуш токтошу мүмкүн, орустар ээлеп алган аймактарда эл аралык күчтөрдүн байкоосу астында референдум өтүүгө тийиш деген оюн айткан. Мунусу Украинанын ачуусун келтирип, кексе саясатчы аёосуз сынга кабылган. Канткен күндө да Киссинжер - дүйнөлүк саясатта тең салмак, бири бири менен эсептешүү керек, теңата мамиле болмоюн тынчтык орнобойт деген принципти туу туткан дипломат. “Дүйнөлүк тартип”, “Дипломатия” деген фундаментал китептеринде дал ушул сыяктуу идеяларды даңазалаган.

Въетнамдагы согушта беделине шек кеткен АКШ үчүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы конфликттерден абийир менен чыгышы зор мааниге ээ эле. Анын демилгеси менен төрт жылдык план иштелип чыгат. Улам бир тарап менен тынбай сүйлөшүү аркылуу Киссинжер тынчтыктын орношуна алып келген Париж конференциясын уюштуруп, 1973-жылы согушту токтотуу тууралуу Париж келишимине кол коюлушуна жетишет. Ар кандай чагымдан чочуган Киссинжер тараптар айнып кетпеши үчүн “Тынчтык биздин колубузда, биз буга бөркүбүздөй ишенебиз” деген атактуу сөзүн сүйлөйт.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы тынчтыкты орнотуудагы эмгеги үчүн Нобель сыйлыгына татыйт. Айтмакчы, ал Нобель сыйлыгына ээ болгон жалгыз мамлекеттик катчы. АКШнын башкы дипломаттарынын ишмердиги дайыма эле тынчтык менен байланыштуу боло берген эмес. Империялар, ири мамлекеттер тигил же бул аймакта согушка катышып, жаңжал чыгарып турат экен, тилекке каршы. Киссинжер да Камбоджанын бомбаланышы, Чилидеги аскер төңкөрүшүнүн уюштурулушу, Бангладештин көз карандысыздыгы үчүн согушта этникалык кыргын салган Пакистанды колдогондугу үчүн айыптоолорго туш болгон.

Аргентинадагы чуулгандуу “ыплас согуш” аталган Кондор операциясына тиешеси бар деп Испания Киссинжерди эл аралык кылмыш сотуна чакыртууга аракет кылган. Американын өзүндө коммунисттик Кытай менен СССРге ылым санаганы үчүн далай сынга тушуккан. Жарыша куралданууга каршы саясаты, өзөктүк куралды чектөө боюнча демилгелери аскер-өнөр жай корпорацияларына жаккан эмес, кара күчтүн деми менен Американын үстөмдүгүн орнотобуз деген америкалык аскер элитасы жана саясатчылары Киссинжерди жектеп келген.

Насили жөөт Киссинжер 1970-жылдардагы Израил-Сирия, Израил-Египет куралдуу конфликттерин чечүүдө негизги роль ойногон. Калыстыгы жана тынымсыз аракети каршылаш тараптардын ишенимине арзыган. Синай жарым аралында кармашкан аскерлерди артка кайтарып, жаатташкан тараптарды элдештирген элчи. 1975-жылы Хельсинкиде Европа эле эмес, жалпы дүйнө үчүн өтө маанилүү документ кабыл алынат. Европадагы коопсуздуктун жана кызматташтыктын жыйынтык актысы аталган ушул документте саясий түзүлүшүнө карабастан ар бир мамлекет тынчтыкта жашоого тийиш деген принцип белгиленет.

Киссинжердин ишмердиги – интеллектуал оюндардын татаал сабагы. Анын дипломатиясы – жаш дипломаттар үчүн академиялык билим. Киссинжердин илимий эмгектери, мемуарлары, дипломатия боюнча китептери дипломаттар, саясатчылар үчүн окуу куралы гана эмес, бүгүнкү саясий процесстерди түшүнүүгө жана болочоктогу окуяларды болжоого табылгыс акыл мүлкү.

XS
SM
MD
LG