Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Ташиев: Акылбек Жапаровдун уюшкан кылмыштуу топко тиешеси болсо жоопко тартууга даярмын


Акылбек Жапаров жана Камчыбек Ташиев. 2022-жыл.
Акылбек Жапаров жана Камчыбек Ташиев. 2022-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш боюнча маалымат берди. Ал мындай топтордун мүчөлөрүнүн жакындары мыйзам бузбаса тынч жашарын айтып, маркум Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) үй-бүлөсүнө токтолду.

Атайын кызматтын башчысынын сөзүнө караганда, Көлбаевдин жесирине бир ресторан, машина, үч кызына бирден батир, эки уулуна да бирден батир, эки жер тилкеси кайтарылган. Көлбаевдин калган мүлкү мамлекетке өткөнүн, ондогон батир мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу карапайым элге бериле турганын билдирди.

Андан тышкары УКМКнын башчысы издөө жарыялаган Азим Рой боюнча да маалымат берди.

“Сайдазимов (Азим Рой) Кыргызстанга келгенде, президент да, мен да кабыл алгам. Ал “мен криминалдык жүрүш-турумду токтоттум. Менин акчам бар. Кыргызстанга инвестиция салып, завод-фабрика куруп, элди жумуш менен камсыз кылайын” деп айткан. Президент “макул, иштегиле, мыйзамды бузбагыла” деген. Андан бери эки жыл өттү. Азим Рой Кыргызстанга завод-фабрика эмес, бир күркө салган жок. Кайра эле элди талап-тоноо, коркутуп-үркүтүү, акчанын күчү менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, мамлекеттик органдарды сатып алуу иштерин баштады. Бизге мындай криминалдык инвесторлордун кереги жок”.

Атайын кызмат Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго сыртынан издөө жарыялап, ага “уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо” беренеси менен айып таккан.

Жакында эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиеванын тоюна катышканы тартылган эски видео социалдык медиада тараган. Ташиев бул тасма жана кримтөбөлдүн тажиясына барган депутат Акылбек Түмөнбаев боюнча да комментарий берди:

“Акылбек Жапаров тойго беш жыл мурда барган экен. Камчы Көлбаев менен мен деле тааныш болгом. Акылбек Жапаров тааныш болгон, бирок үч жылдан бери биз менен иштеп атат. Эч кандай байланышы жок. Эгерде Акылбек Үсөнбековичтин уюшкан кылмыштуу топ, Көлбаев менен байланышы болсо, чогуу жүрсө, ал кишини жоопко тартууга даярмын. “Акылбек Түмөнбаев тажыясына (Камчы Көлбаевдин - ред.) барды. Эмнеге жоопко тартпайсыңар?" деп айтып атышат. Акылбек Түмөнбаев - эл шайлаган депутат. Эл кандай депутатты шайласа ошол депутаттар менен иштеп атабыз. Бирок аларды да тазалаганга аракет кылып атабыз. Эгерде Акылбек Түмөнбаевдин ордунда бир мамлекеттик чиновник болгондо бир саатта жумуштан алдырмакмын”.

Депутат Түмөнбаев атайын кызматтын башчысынын айтканына комментарий бере элек. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев 9-октябрда УКМКда сурак берип чыккан. Бирок кайсы иш боюнча суралганы айтылган эмес.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG