Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Ташиев УКМКны үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөдү


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мекеменин кызматкерлерин өлкөдө аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөдү. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 17-ноябрда Чүй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында айтты:

“Мурда баланы урушуп, керек болсо токмоктоп да коёт элек. Балдарыбыз да муну туура түшүнчү. Азыр болсо баласын жаман көргөндөр кордоп, зордук көрсөтүп жатат. Аялдарын мурда бир аз какыс-кукус кылып коюшса, азыр өлтүргөнгө чейин барып кескилип салууда. Бул коомдогу терс көрүнүштөрдүн бири. Мындай иштерди жер-жерлерде болтурбай алдын алып калса болот эле”.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл сегиз айдын ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8 512 факт катталган. 7 419 аялга милиция “коргонуу ордерин” берген.

Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын белгилеген.

Жакында эле социалдык тармактарга Оштун Араван районунда энеси эгиз кыздарын сабап атканы тартылган видео тараган. Кыздардын апасы камакка алынып, балдар атасына берилген.

20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG