Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:21

Камбар-Ата-1 ГЭСи: Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 5 млн доллар берет


Навид Хассан Накви жана Алмаз Бакетаев макулдашууга кол коюп жаткан учур.
Навид Хассан Накви жана Алмаз Бакетаев макулдашууга кол коюп жаткан учур.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясынын (ГЭС) долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 5 миллион доллар бөлөт.

14-ноябрда тиешелүү макулдашууга Бишкекте Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви кол койгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Дүйнөлүк банк буга чейин каражат жеңилдетилген насыя жана грант катары берилерин кабарлаган. Анын ичинен 3 миллион доллар 10 жылдык жеңилдик мезгилин эске алганда 50 жылга пайызсыз карыз катары бөлүнөт. Калган 2 миллион доллар көп тараптуу донордук грант түрүндө берилет.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга болжол менен 2 миллиард 916 миллион доллар кетерин маалымдаган. Курулуш алты этаптан турат. Энергетикалык эксперттер долбоордун наркы 4-5 миллиард долларга чейин жетет деп эсептешет.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG