Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Гутерриш: Согушта карапайым эл корголууга тийиш


Хан Юнис шаары бомбалоодон кийин. Газа, 25-октябрь 2023-жыл
Хан Юнис шаары бомбалоодон кийин. Газа, 25-октябрь 2023-жыл

Шейшембинин кечинде Газа секторуна гуманитардык жардамдын төртүнчү партиясы жеткирилди. Бирок тилкедеги 2 миллиондон ашуун тургундун абалы, өзгөчө ооруканалардагы эң зарыл нерселердин тартыштыгы эл аралык уюмдарды тынчсыздандырууда. Израил тилкеге урулган соккуларын күчөткөнү кабарланды.

Ал арада БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Газада “эл аралык гуманитардык мыйзамдын” бузулуп жатышына камтамасын билдирди.

Хан Юнис шаары Израилдин соккусунан кийин. 25-октябрь 2023-жыл
Хан Юнис шаары Израилдин соккусунан кийин. 25-октябрь 2023-жыл

Шаршембиде Израилдин соккусунан Газадагы Хан Юнис шаарында кеминде 10 киши мүрт кетти, ондогону жараланды. Күбөлөр менен аман калгандар буга чейин мындай кубаттуу жарылууну укпаганын "Рейтерс" агенттигинин кабарчысына айтып беришти.

Маалыматтарга караганда, Израил тилкеге чабуулдарын күчөтүп жатат. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 24-октябрда бир түндө эле жөөт аскерлеринин соккуларынан 700дөн көп палестиналык набыт болгонун билдирген.

Шейшембинин кечинде Израилдин борбор шаары Тел-Авив Газа тараптан аткылоого туш болгонун, беш киши жараат алганын The Jerusalem Post гезити кабарлаган.

"Жарык өчсө бейтаптарды куткара албай калабыз"

Шейшембинин кечинде Газа секторуна гуманитардык жардамдын төртүнчү партиясы жеткирилди. Палестинанын Кызыл жарым ай уюму бул жолку гуманитардык кербендеги беш машинага таза суу, экөөнө азык-түлүк, сегизинчисине дары-дармек жүктөлгөнүн маалымдады.

Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАС уюмунун жоочулары 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы жооп иретинде тилкени блокадага алып, палестиналык радикал топко каршы согуш жарыялаган. Таза суу, электр энергиясы, азык-түлүк, дары-дармек тартыш болуп жаткан Газанын эки миллиондон ашуун тургунун гуманитардык апаат коркунучу тооруду.

Газадагы оорукана. 23-октябрь 2023-жыл
Газадагы оорукана. 23-октябрь 2023-жыл

24-октябрда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарадарларга толуп калган Газадагы ооруканаларды медициналык каражаттар жана суюк отун менен камсыздоого шарт түзүү үчүн ок атышууну токтотууга чакырган. Ага чейин уюм анклавдын түштүгүндөгү төрт ооруканага жана Палестинанын Кызыл жарым ай уюмуна зарыл болгон медициналык каражаттар, дары-дармек жеткирилгенин билдирген.

Бирок Газадагы Насер медициналык комплексинин директору Нахед Абу Тайма алар дагы көп нерселерге муктаж экени айтат:

"Реанимация, хирургия бөлүмдөрүндөгү бардык жабдык, аппараттар электр менен иштейт. Электр энергиясы токтоп калса, жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан бейтаптарыбызды өлүмгө өкүм кылгандай болуп калабыз".

Гуманитардык жардам тилкеге 21-октябрда Египет менен чек арадагы Рафах пункту аркылуу жеткириле баштаган. Ага чейин тараптар жүктү текшерүү процедуралары боюнча мунаса таба албай, кийин Рафах шаарынын бомбаланышынан улам гуманитардык кербен Египетте бир нече күн туруп калган.

Израил Гутерриштин сөзүнө нааразы болууда

Гутерриш БУУнун Коопсуздук жыйынында. Нью-Йорк, 24-октябрь 2023-жыл
Гутерриш БУУнун Коопсуздук жыйынында. Нью-Йорк, 24-октябрь 2023-жыл

Шейшембиде БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш Израил менен ХАМАС ортосундагы куралдуу жаңжалда карапайым эл корголууга тийиш деп белгиледи:

"Газада эл аралык гуманитардык мыйзамдын бузулуп жатышына күбө болуудабыз. Мени бул терең тынчсыздандырат. Так айтып коюш керек: куралдуу жаңжалда бир да тарап эл аралык гуманитардык мыйзамдан жогору боло албайт".

Баш катчы ХАМАСтын кол салуусу “жок жерден болгон жок, палестиналыктар 56 жылдан бери муунткан оккупацияга дуушар болуп келатат”, деп айтып, “палестин элинин азап чегүүсү ХАМАСтын үрөй учурган чабуулун актабайт, ошол эле учурда коркунучтуу жортуул дагы палестин элинин коллективдүү жазаланышын актабайт”, - деп кошумчалады.

Израилдин БУУдагы элчиси, анын артынан өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Гутерриштин отставкасына чакырышты. Тышкы саясий мекеме баш катчынын кол салуу “жок жерден болгон жок” деген сөздөрү “терроризмди актоого барабар” деп эсептейт.

Соңку маалыматтарга караганда, Израил менен ХАМАС радикал тобунун 19 күндөн бери уланып келаткан согушу эки тараптан 7 миң 200дөн ашуун кишинин өмүрүн кыйды.

Палестин тарап Израилдин соккуларынан 5 минден көп газалык каза тапканын, 16 миңден ашыгы жараланганын билдирди.

Израилдин Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-октябрда жаңжалда 1 миң 400 израилдик набыт болгонун кабарлаган. 200го чукул киши, арасында чет өлкөлүктөр жоочулардын барымтасында кармалууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG