Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

"Ата-Бейиттин" жумушчуларынын маянасы 2024-жылы эки эсе көбөйөт


"Ата-Бейит"–КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү.
"Ата-Бейит"–КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү.

Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин кызматкер-жумушчуларынын маянасы келерки жылдан тартып эки эсе көбөйөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Альянс" фрациясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев билдирди. Ал бул маселе тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов менен сүйлөшкөнүн, айлык акыдан сырткары штат дагы көбөйөрүн билдиргенин кабарлады.

Өткөн аптада аталган тарыхый комплекстин жетекчиси Болот Абдрахманов парламентте "Ата-Бейитти" кароого бюджеттен өтө аз акча бөлүнгөндүктөн, майыптар жана пенсионерлерди иштетүүгө аргасыз болуп жатканын билдирген.

“Жети миң сомго эч ким келбейт экен. Мен ошол жердеги майып, күрөк көтөрө албаган пенсионерлерди чакырганга аргасыз болуп жатам. Штатты көбөйтөсүңөрбү деп тогуз айдан бери чече албай жатышат. Апрель ыңкылабынын баатырларына “Таазимди” курганы менен бир штаттык бирдик кошулган эмес. Ыраматылык Чыңгыз Айтматовдун сөөгү жатат, эмдигиче “Ата-Бейиттин” балансына кире элек”,- деген Абдрахманов.

Тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын запастагы полковниги, “Ата-Бейиттеги” сөөктөрдү казып алуу иштеринин башында турган Болот Абдырахманов директор болуп быйыл августта дайындалган.

"Ата-Бейит" – КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү. 1938-жылы "эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү 1991-жылы Чүйдүн Чоң-Таш айылынын чет жакасынан табылып, кепиндеп көмүлгөн.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго чукулу атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары байырлаган жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлдөрү жарым-жартылай кабылган.

Кыргызстанда 40 миңдей кыргызстандык репрессия курмандыгы болгон деген маалымат бар, алардын 20 миңи документтердин негизинде тастыкталган.

XS
SM
MD
LG