Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44
Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

ЖК “Чет элдик өкүл” мыйзамын биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында "Чет элдик өкүл жөнүндөгү" мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда эч кандай талкуусуз кабыл алды.

13:02 17.10.2023

HRW Жогорку Кеңешти "чет өлкөлүк өкүл" мыйзамын артка кайтарууга чакырды

Эл аралык Human Rights Watch уюму Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча кайрадан тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун 17-октябрда тараткан билдирүүсүндө, бул мыйзам кабыл алына турган болсо, ал “өлкөнүн жигердүү жарандык коомуна терс таасир этип, алардын карапайым жарандардын укуктарын коргоосуна, социалдык кызматтарды көрсөтүүсүнө жана күчтүү, инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө кедергисин тийгизери” айтылат.

Билдирүүдө мыйзам долбоору өкмөткө бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө үчүн ашыкча ыйгарым укуктары берери, бул эл аралык коомчулуктун жана жарандардын нааразылыктарын жаратканы да айтылат.

“Бул Кыргызстандын бийлиги үчүн өлкөнүн эл аралык-укуктук милдеттенмелерине ылайык адам укуктарын сактоого берилгендигин көрсөтө турган учур. Кыргызстан февралда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болгондон кийин өз жеринде жана чет өлкөдө адам укуктарын коргоо боюнча алган милдеттенмесин эске алганда, бул - өзгөчө актуалдуу”, - деп айтылат билдирүүдө.

Уюм Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун четке кагышы керектигин, эгерде кабыл ала турган болсо, ага президент Садыр Жапаров кол коюудан баш тартышы керектигин белгилеген.

12:47 17.10.2023

БУУ өкүлү "чет элдик өкүл" мыйзамы адам укугуна жана өнүгүүгө коркунуч жаратарын айтты

“Чет элдик өкүл” мыйзамы кабыл алынса Кыргызстанда адам укуктарынын абалына жана өлкөнүн өнүгүүсүнө коркунуч жараларын бүгүн 17-октябрда аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве белгиледи.

Ал сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорундагы көпчүлүк беренелер Кыргызстандын адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин билдирди.

Ошону менен катар кылмыш жоопкерчилигинде каралган 10 жылга эркинен ажыратуу беренси өзгөчө тынчсыздануу жаратарын айтты.

Көңүл бура турган экинчи жагдай, Гравенин пикиринде, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө бир топ коркунуч жаралат.

Жарандык коом Кыргызстандын алыскы аймактарындагы калктын аярлуу катмарлары менен иштешип келатканын белгилеген БУУ өкүлү бейөкмөт уюмдар карыларга, жаш балдарга, аз камсыз болгондорго, майыптыгы бар адамдарга чоң жардамын берип келе жатканын кошумчалады.

12:45 17.10.2023

«Чет өлкөлүк өкүл» жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса Евробиримдик Кыргызстанды ВСП+ макамынан ажыратышы ыктымал деген коркунуч жаралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште аталган мыйзам боюнча өтүп жаткан парламенттик угууда Эл аралык ишкердик кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Ал Евробиримдик Кыргызстанда талкууланып жаткан бул мыйзам долбоору боюнча резолюция кабыл алганын, ВСП+ жеңилдиктер макамы дүйнөдө саналуу гана өлкөгө берилгенин эскертти жана ишкерлер, бизнес коомчулук депутаттардын демилгесине тынчсызданып жатышканын билдирди:

“Июль айында Европа парламентинин резолюциясы чыккан. Анда ушул мыйзам долбоору тууралуу баса белгиленип, Европа комиссиясына Кыргызстанга карата ВСП+ артыкчылыгы берилген системаны кайра карап чыгуу сунушу берилген. ВСП+ системасы дүйнө жүзү боюнча тогуз мамлекетке гана берилген, анын ичинде биз барбыз. Ал биздин 6 миңден ашуун товарды бажы төлөмүсүз экспорттоого жол ачып берди 2015-жылы. Ушул статустан да кол жууп калсак биздин экономикага абдан терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул статустун бирден-бир критерийи – демократия жана адам укуктары”.

Сыдыков эл аралык уюмдар Кыргызстанга колдоо көрсөтүүдө демократиянын, адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалына биринчи кезекте көңүл бурушарын белгилеп, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары коммерциялык уюм катары катталганын, андыктан бул мыйзам аларга да таасир этерин кошумчалады:

“Сөз эркиндиги бизге абдан маанилүү, себеби мыйзамдар, демилгелер тууралуу көпчүлүк учурда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билебиз. Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса жалпыга малымдоо каражаттарына басым, кысым кылууга же алардын укуктарын тебелөөгө жол ачып берсе бул дагы терс таасирин тийгизет”.

“Чет элдик өкүл” мыйзамы кабыл алынса Кыргызстанда адам укуктарынын абалына жана өлкөнүн өнүгүүсүнө коркунуч жараларын бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве белгиледи. Ал сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорундагы көпчүлүк беренелер Кыргызстандын адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин билдирди.

Бүгүнкү парламенттик угууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү, эл аралык уюмдардын жүздөн ашуун өкүлү катышып жатат.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам долбоору боюнча өз сунуштарын бергенин, жалпы жолунан концепциясын колдой турганын, бирок айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу керек экенин белгиледи.

Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү кылмыш жообуна тартуу тууралуу норманы киргизүү зарылчылыгы жок экенин, себеби андай берене азыркы кодексте бар экенин айтышты. Акыйкатчынын орун басары бейөкмөт уюмдар саясий ишмердүүлүккө аралашып жатабы же жокпу, аныктоо маселеси бар экенин, Салык кызматы бейөкмөт уюмдар мекеменин сайты аркылуу каржылык отчетун берип турарын айтышты.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору буга чейин парламенттин эки комитетинде биринчи окууда кабыл алынган.

Аны депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды.

Надира Нарматова «бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок” экенин айткан. (

12:29 17.10.2023

Мамлекеттик органдар "чет элдик өкүл" мыйзамы боюнча позициясын билдиришти

Жогорку сот Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова демилгелеген “чет элдик өкүл” мыйзам долбоору аркылуу Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн 17-октябрда аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда Жогору соттун мыйзамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Маргарита Сапиянова билдирди.

Анын айтымында, Жогорку сот сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун концепциясына негизинен каршы эмес, бирок Кылмыш-жаза кодексин толуктоо тууралуу норманы алып салууну сунуштайт:

“Анткени сунушталып жаткан беренеде юридикалык аныктык принциби сакталбагандыгы байкалат. Мындай жагдай укуктук ар кандай чечмелөөгө, аны өзүм билемдик менен кыянат колдонууга, жазык мыйзамдарынын жалпы жана конституциялык принциптеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн”.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам долбоору боюнча өз сунуштарын бергенин, жалпы жолунан концепциясын колдой турганын, бирок айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу керек экенин белгиледи.

Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүүнүн зарылчылыгы жок деген позицияны Башкы прокуратура да карманары белгилүү болду. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева:

“Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан “жарандардын инсандыгына жана укуктарына кол салуучу коммерциялык эмес уюмду түзүү” деген жаңы берене боюнча өзүбүздүн позициябызды билдиргенбиз. Анткени ушул эле кодексте 245-беренеде (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) жана башка беренелерде мамлекеттик, конституциялык түзүлүштү, коопсуздукту, адамдын саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин бузган учурларга карата кылмыш курамдары каралганын маалымдайбыз. Мындай жагдайда Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейбиз”, - деп айтты.

Өлкөнүн акыйкатчысы бейөкмөт уюмдардын саясий ишмердүүлүккө аралашып жатканын кантип аныктоо маселеси бар деп эсептей турганын, аларды көзөмөлдөө боюнча мыйзамдар жетиштүү экенин орун басары Айчүрөк Назаралиева билдирди.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов бейөкмөт уюмдар мекеменин сайты аркылуу каржылык отчетун берип турарын айтты.

Парламенттик угууга депутаттардан тышкары тийиштүү мекеме-уюмдардан жүздөн ашуу киши катышууда.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG