Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:06
Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

ЖК “Чет элдик өкүл” мыйзамын биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында "Чет элдик өкүл жөнүндөгү" мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда эч кандай талкуусуз кабыл алды.

12:25 17.10.2023

12:24 17.10.2023

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору буга чейин парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде каралып, биринчи окууда кабыл алынган.

Аны депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды – Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Кундузбек Сулайманов, Карим Ханджеза, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев, Алишер Эрбаев, Жеңишбек Токторбаев, Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Жамила Исаева жана Арсланбек Малиев.

Надира Нарматова «бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок” экенин айткан. Ал көрсөтүлгөн талаптарга каршы иш жасаган болсо 50-100 миң айыппул төлөө, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, туура эмес иштерди дагы эле жасаган болсо 100-200 миң айыппул салуу, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунуш кылынып жатканын билдирген.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.

Эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет.

Жакында 120 бейөкмөт уюм бийликти "чет элдик өкүл" мыйзамын кабыл албоого чакырып, кайрылуу жолдошкон. Анда эгер бул мыйзам кабыл алынса калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан бейөкмөт уюмдарга бөгөт коюлары айтылган жана “Бул уюмдар мамлекет жана рынок институттары тийиштүү деңгээлде аткара албай жаткан функцияларды аткарып, коомдогу социалдык чыңалууну басып турушат” деп белгиленген.

Нарматова Юстиция министрлигине таянып билдиргенине караганда, Кыргызстанда 29 100 ар түрдүү коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн.

XS
SM
MD
LG