Ош: лифттеги үрөй учурган өлүм, курулуш сапаты
Ош шаарында лифтке кыпчылып каза тапкан жарандын өлүмү иликтенүүдө. Бул окуя көп кабаттуу үйлөрдөгү коопсуздук, курулуштун сапаты, ага мамлекеттик көзөмөл сыяктуу көйгөйлөрдү кайра козгоду. Курулушу толук аяктабаган турак жайды пайдаланууга мындан үч жыл мурда уруксат берилгени айтылууда.