Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:36

Өзгөндө Мадумаровдун тарапташтарына чогулууга уруксат берилген жок


Мадумаровдун тарапташтары чогулуп жаткан учур.
Мадумаровдун тарапташтары чогулуп жаткан учур.

Абактагы депутат Адахан Мадумаровдун отуздан ашуун тарапташы 26-сентябрда Өзгөндүн Куршаб айылында бийликке кайрылуу үчүн “Чынар” сейил багына чогулушкан.

Бирок милиция коомдук жайларда нааразылык акциясын, митинг өткөрүүгө тыюу салынганын айтып чогулгандарды таратты. Бул тууралуу жеринде “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады.

Саясатчынын тарапташтары кайрылуусунда Мадумаровду бошотууну талап кылышмак.

Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармап кеткен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган.

Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Адахан Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. (DSh/TSh)

XS
SM
MD
LG