- Жошуа КУЧЕРА - Кавказ жана Борбор Азияга адистешкен журналист. Тбилисиде жашайт.
- Азербайжандын 19-сентябрдагы Тоолуу Карабакка жасаган соңку чабуулунан кийин Баку менен жергиликтүү этникалык армян бийлиги ок атышпоо жөнүндө макулдашты. Ошентип, иш жүзүндө таанылбай келген республика Илхам Алиевдин аскерлерине багынып берди. Бирок эмне үчүн Азербайжан дал ушул учурда кол салды?
- Тоолуу Карабактын тагдыры боюнча бир нече айга созулган сүйлөшүүлөр Азербайжандын пайдасына чечилчүдөй болуп турган. Армения өкмөтү эки өлкөнүн ортосундагы ондогон жылдардан берки кагылыштардын чордону болуп саналган жикчил аймакты Азербайжандын бир бөлүгү катары тааный турганын ачык жана так билдирген болчу. Майда-чүйдөсүн макулдашып алуу гана калган эле. Анда эмне үчүн кайрадан согуш чыкты?
Тоолуу Карабак – Азербайжандын тоолуу анклавы, ал жерде илгертен армяндар да, азербайжандар да жашап келишкен. Советтер Союзу ыдыраар алдында ошол кездеги Тоолуу Карабак автономиялуу облусунун калкынын болжол менен 75% этникалык армяндар болгон. 1980-жылдары улутчул кыймыл бул аймакты Азербайжандан бөлүп, Арменияга кошууну көздөгөн. 1990-жылдардын башында башталган согуштун натыйжасында Армения колдогон жикчилдер бул аймакты басып алып, Азербайжандан бөлүп алууга жетишкен. Бул тирешүүнүн айынан 30 миңдей адам каза тапкан.
Чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден эч майнап чыкпай, эки тарап 2020-жылы дагы алты аптадай согушту. Ошондо Орусиянын ортомчулугу менен жетишилген элдешүү армяндар аймактын бир бөлүгүн жана чектеш жети районду көзөмөлдөй албай калганын иш жүзүндө көрсөттү.
2022-жылы Баку менен Ереван жаңжалды биротоло жөнгө салууга багытталган сүйлөшүүлөрдү баштаган. Азербайжандын көздөгөн максаты Карабактын калган бөлүгүн да толук көзөмөлгө алуу болгон жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян буга даяр экенин билдирген. Бирок Карабактын армян жетекчилиги Азербайжандын этникалык армяндарды тынчтык жолу менен «реинтеграциялоо» (кошуп алуу) убадасы аларды аймактан биротоло сүрүп чыгаруу планын будамайлоо деп кооптонуп, аны аткаруудан баш тартты. Эл аралык ортомчулар бул тирешүүдө мунаса таптырууга аракет кылышканы менен, майнап чыккан эмес.
- Азербайжан эмне үчүн дал ушул кезде кол салды?
- 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабакка жана анын куралдуу күчтөрүнүн калдыктарына каршы масштабдуу чабуулду баштап, аймактын борбору Степанакерттин (азербайжанча Ханкендинин) тургундарын бомбадан баш калкалоочу жайларга жашынууга жана алыскы калктуу конуштардагы элди борборго эвакуацияланууга мажбурлады. Толук бир күндүк чабуулдан кийин Баку көздөгөн мүдөөсүнө жетти: Карабактын этникалык армян бийлиги куралдуу күчтөрүн таркатууга жана куралсыздандууга макул болду.
Зордук-зомбулук күчөйт деген кооптонуулар жокко чыккандай: азербайжан жана армян тараптары ок атууну тез арада токтотууну макулдашышты. Бирок чабуул чыр-чатактын чордону толугу менен Азербайжан тарапта экенин көрсөттү. Болгондо да Баку эл аралык айыптоолорго жана Тоолуу Карабактагы ал өзү Азербайжандын жарандары деп айткан адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурганына карабастан, күч менен кийлигишүү аркылуу процессти тездетүүнү туура көрдү.
Азербайжан сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө ичи чыкпай, Карабактын армян жетекчилиги эпке келбей, уламдан-улам келишпес турумду карманып жатканын айтып нааразы болуп келген. Мындан тышкары, балким, Баку Армениянын коопсуздугунун салттуу кепили саналган Орусия Армения өкмөтүнө жана анын лидери, премьер-министр Никол Пашинянга каршы турганын ыңгайлуу учур деп чечкен болушу мүмкүн. Кыязы, Азербайжан чабуулдун натыйжасын эл аралык коомчулук кандай гана айыптаса да, анын кесепети өтө оор болбойт деп ойлоду окшойт.
Азербайжандын чабуулу күтүүсүз болдубу?
Операцияга 19-сентябрда таңга маал орус бейпилдик күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү Хожавенд районунда, 2020-жылдагы согуш учурунда азербайжан күчтөрү кайтарып алган чоңураак аймактын бир бөлүгүндө алты азеринин өмүрүн алган мина жарылуусу шылтоо болду. Азербайжан тарап минаны Карабактан келген армян диверсанттары жардырды деп айыптады.
Бирок кол салууга даярдыктар бир нече жумадан бери эле жүрүп жаткан. Азербайжан аскерлери 2020-жылдагы согуштан кийин калган Карабактын бөлүктөрүнөн Азербайжандын көзөмөлүндөгү аймакты ажыратып турган тогошуу чегине топтолду. Азербайжан менен Израилдин ортосунда аскердик жүк ташыган каттамдар тууралуу да кабар айтылып, Азербайжан жаңы согуш аракеттеринин алдында куралданып жатат деген жоромолдорду пайда кылды.
Акыркы жумаларда Бакунун кеп-сөзү да кыйла катуу болуп калган эле. Август айынын аягында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жардамчысы Хикмет Гажиев «Азербайжан өз аймагында эч кандай арасат чөлкөмдүн болушуна жол койбойт» деп билдирген. Бул Карабактын Азербайжан али көзөмөлдөй элек бөлүгүнө ишарат болгон.
2023-жылы 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабактын аймагындагы армян аскерлеринин турумдарын бутага алган «антитеррордук операцияны» баштаганын билдирди.
Серепчилердин айтымында, Азербайжан быйылкы жайга чейин эле дипломатиялык процессти илгерилетүү үчүн аскерий эскалацияны колдонгон. Бакунун борбордук өкмөтү менен Карабах армяндарынын ортосундагы сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелип, азербайжандар каршы тараптын эпке келбей жаткандыгына нааразы болушкан.
«Карабак армяндары көз карандысыздыктан бөлөк эч нерсе жөнүндө сөз кылгысы келбейт», – дейт Бакудагы Эл аралык мамилелерди талдоо борборунун жетекчиси Фарид Шафиев.
Ал белгилегендей, этникалык армяндардын иш жүзүндөгү өкмөтү 2022-жылдын сентябрынын башында жаңы президентти шайлоону уюштурган жана бул азербайжандардын көз карашында алардын бийлигин тааныгысы келбегендигин тастыктаган.
Бирок Карабактагы армян бийликтеринин туруму «өзгөрүп», алар Азербайжандын талаптарын аткарууга барган сайын даяр болуп жатышат деп эсептейт Эл аралык кризистик топтун (ЭКТ) Түштүк Кавказ боюнча улук изилдөөчүсү Олеся Вартанян. «Алар Баку талап кылгандай Азербайжанда жолугуп, интеграциялык процессти талкуулоого даяр эле».
Тирешүү созулган сайын Азербайжан тараптан жаңы кол салуу коркунучу күчөй берди.
«Саясий процесстин жоктугу, тагыраак айтканда, токтоп калышы бул кооптонууну ого бетер күчөтөт, – деди ЭКТнын Бакудагы аналитиги Заур Шириев чабуул башталарга бир нече күн калганда, 15-сентябрдагы онлайн талкууда. – Эгер жакынкы күндөрдө же жумаларда Карабактын армяндар жашаган аймактарында согуш оту тутанып кетсе, бул күтүлбөгөн нерсе болбойт».
Орусия фактору
Бул процесстин тездешине Армения менен анын салттуу колдоочусу Орусиянын ортосундагы мамилелердин кескин начарлашы өбөлгө түздү. 2020-жылдагы ок атышууну токтотуу келишиминин алкагында Орусиянын 2000 кишилик тынчтык орнотуу күчтөр контингенти Карабактын дагы эле этникалык армяндар көзөмөлдөп турган бөлүгүнө жайгаштырылган. Бирок алар Азербайжандын бул аймактагы тынымсыз кысымына туруштук бере албастыгын же аны каалабай турганын көрсөтүштү.
Ал эми Орусиянын өзү тышкы кол салуудан Арменияны коргошу керек болгон келишимдеги (эки өлкө тең өз ара коргонуу пактысындагы) милдеттенмелерин эске албай, азербайжандардын чек арадан бир нече жолу Арменияга басып киргенине карабастан, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мүчөлөрү кийлигишкен эмес.
Бул Ереван менен Москванын ортосундагы араздашуунун күчөшүнө алып келди. Ушул айда Армения өкмөтү Орусияга нааразычылыгын билдирүү максатында бир катар атайлагандай кадамдарды жасады: Пашиняндын жубайы Анна Акопян Киевге Украина үчүн жардам пакетин тапшыруу үчүн барды, өкмөт Эл аралык кылмыш сотун түзүүчү Рим статутун ратификациялоо ниетин жарыялады жана Армениянын ЖККУдагы өкүлүн чакыртып алды (бул иш жүзүндө аны Орусиянын президенти Владимир Путинди камакка алууга милдеттендирет). Мунун баары жагдайды ого бетер курчутту.
«Алар бир эле учурда орусиялык үч кызыл сызыктан аттап өтүштү», – дейт Европадагы Карнеги аналитикалык борборунун талдоочусу Томас де Ваал.
Топчубашев атындагы эл аралык мамилелер жана коопсуздук маселелерин иликтеген Баку аналитикалык борборунун илимий кызматкери Шужаат Ахмадзаденин айтымында, Орусия менен Армениянын ортосундагы ажырым Бакуга кайрат берди окшойт.
«Бул жерде башка факторлорго караганда Орусия көбүрөөк роль ойнойт», – дейт ал. «[Азербайжанга] кайсы бир даражада көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн болгон жалгыз оюнчу Орусия эле, менимче, азыр эми Армения менен Орусиянын мамилеси бузулганын эске алганда, алар оңтойлуу убакыт келди деп ойлошот».
Дүйнө кандай реакция кылды?
Армениянын Азербайжанга карата туруму алсырап, Орусия менен да мамилеси начарлап бараткандыктан, Ереван каяктан болсо да эл аралык колдоо издеп жатат. Ал Евробиримдиктин чек ара байкоочуларын кабыл алып, Индиядан курал-жарак сатып алып, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде чыр-чатак маселесин тынымсыз козгоп турууга аракет кылып келет.
Бирок азырынча эл аралык бир дагы жаат Азербайжанды жаӊжалды басууга ынандыруу үчүн кандайдыр бир олуттуу чара көрө алган жок. Бул, балким, Баку үчүн оңтой берди болду деп эсептейт Ахмадзаде.
«Эгер мен армяндардын ордунда болсом, Батыштан Азербайжанга каршы олуттуу аракеттерди күтмөк эмесмин», – дейт ал.
Чынында эле, Азербайжандын 19-сентябрдагы чабуулдарына чет элдик реакция ыкчам жана сынчыл болгону менен, ал тынчсыздануусун билдирүү менен эле чектелди. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Алиевге телефон чалып, «Азербайжанды Тоолуу Карабактагы аскерий операцияларын тез арада токтотууга» чакырды. Евробиримдик «согуш отун тутандырууну айыптай тургандыгын» жана «зордук-зомбулук токтошу керектигин» билдирди.
«Эл аралык коомчулук жөн гана билдирүүлөрдү жасап жатат. Бул жөн эле билдирүүлөр, – деди Армениянын өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Эдмон Марукян. – Билесизби, билдирүүлөр сизге кол салып, өлтүрүүгө аракет кылып жатышканда жардам бербейт».
Эми эмне болот?
Чабуулдун жүрүшүндө Азербайжан талап кылган жана Карабактын армян жетекчилиги бир нече ай бою катуу каршылык көрсөтүп келген шарттарды аткартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Атап айтканда, Карабак бийлиги куралдуу күчтөрүн таркатууга жана куралсыздандырууга көндү. Азербайжандын Евлах шаарында Карабак армяндарынын өкүлдөрүнүн Бакунун борбордук өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу 21-сентябрда белгиленди.
Бул жолугушуунун алдындагы Карабактын иш жүзүндөгү президентинин билдирүүсүндө, сүйлөшүүлөрдө аймактын Азербайжанга ыктымал «реинтеграциясы» (кошуп алынуусу), ошондой эле «Азербайжан Конституциясынын алкагында Карабак армяндарынын укуктары жана коопсуздугу» талкууланат деп айтылат. Карабак армяндары мурда бул шарттарды алгылыктуу эмес деп эсептешкен, бирок Азербайжан кайрадан үстөмдүк кылган шартта алардын лидерлеринин макул болгондон башка аргасы калган жок.
Чабуулдан бир жума мурун армян тарыхчысы жана дипломаты Жерард Либаридян Кошмо Штаттарда өзүнүн «Туруксуз Армения» аттуу жаңы китеби боюнча лекция окуган. Ал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн талкуулап, убакыттын өтүшү менен армяндардын сүйлөшүү туруму барган сайын начарлай берерин ырастады.
«Канчалык көп күтсөк, таасир этүү мүмкүнчүлүгүбүз ошончолук аз болот... Бүгүн биз былтыр жетишкен нерсебизди ала албай жатабыз. Өткөн жылы 4-5 жыл мурда алганыбызды ала албай калган элек, – деген эле ал. – Биз канчалык көп күткөн сайын, Алиев ошончолук катаал болуп баратат».