Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:31

Министрлер кабинети Камбар-Ата-1 ГЭСине инвесторлорду чакырды


Камбар-Ата-1 ГЭСинин башкы планы. Министрлер кабинетинин кеңешмесинде тартылган сүрөт.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин башкы планы. Министрлер кабинетинин кеңешмесинде тартылган сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, ишке киргизүү жана пайдаланууга берүү долбоору боюнча потенциалдуу инвесторлордун сунуштарын изилдөө боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында кабарланды.

Отурумда “Электр станцияларын куруу дирекциясы” ачык акционердик коомунун өкүлдөрү аталган станцияны курууну тездетүү үчүн бул долбоорго улуттук долбоор статусун берүү сунушун киргизишти.

Бакыт Төрөбаев жыйындын катышуучуларына Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна потенциалдуу инвесторлорду тартууга чакырды.

Финансы министрлигинин өкүлдөрү бул багытта Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Корея банкы жана бир катар эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Инвесторлорду тартуу үчүн мындан сырткары президенттин катышуусунда жалпы каржы институттарына долбоорлорду презентациялоо сунушу айтылды.

Учурда Бишкек-Ош трассасынын 318-чакырымынан Камбар-Ата-1 ГЭСинин тушуна (айланма каналга) чейин келүүчү автожолду, транспорттук туннелди куруу, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, көмөк чордондорун орнотуу, ошондой эле көпүрө жана куруучулар үчүн убактылуу шаарчаны куруу иштери жүрүп жатат.

2023-жылдын 6-январында Бишкекте Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун жол картасына кол коюшкан. Быйыл майда президент Садыр Жапаров Кытайга барган маалда бул өлкөнүн ишкерлерин Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышууга чакырган. Аз күн алдын бул долбоорго орусиялык ишкерлер да кызыгып жатканын орус аткаминерлери маалымдаган.

Кыргыз бийлиги Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга болжол менен 2 млрд 916 млн доллар кетет деп маалымдаган. Курулуш алты этаптан турат. Энергетикалык эксперттер долбоордун наркы 4-5 млрд долларга чейин жетет деп эсептешет. Эгерде “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулса, ал Кыргызстан көз карандысыздыкка жеткенден бери өлкөнүн тарыхындагы эң кымбат долбоор болот. Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоордогу жалпы кубаттуулугу 1860 МВт жетип, жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрө алары айтылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG