Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:54

"Бүтүн Кыргызстандын" мүчөсү Мирлан Ураимов сот залынан камакка алынды


Мирлан Ураимов.
Мирлан Ураимов.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов бүгүн 11-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен бир жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Мекеменин басма сөз кызматы ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») негизинде күнөөлүү деп табылганын, жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөшү керек болорун, өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы өзгөртүлүп, камакка алынганын кабарлады.

Адвокат Юлия Богданова судья жарыш сөзгө эки адвокат жүйөлүү себеп менен катышпаган жагдайды эске албай койгонун жана Ураимовдун акыркы сөзүнө даярдануу үчүн бир күн убакыт сураган өтүнүчүн четке кагып койгонун билдирди.

«Судья анын аракеттерин кайра квалификациялап, 278-беренеден («Жапырт башаламандык») 327-беренеге («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») өзгөрткөн. Мындай өкүм мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейм. Себеби «Фейсбуктагы» маалыматты Ураимов жарыялабаганы боюнча жетиштүү далилдер бар», - дейт жактоочу.

Активист быйыл 8-февралда кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына эки айга камалган, кийин 9-мартта бөгөт чарасы өзгөртүлүп, абактан бошотулган.

Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтышкан жана аны бошотууну талап кылган акцияларды өткөрүшкөн.

2021-жылы Ураимов Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акцияларын уюштургандардын бири болгон.

Бийлик Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин, сөз эркиндиги камсыздалганын айтып келет.

"Бүтүн Кыргызстандын" лидери, оппозиционер саясатчы Адахан Мадумаров 2-сентябрдан бери УКМКда камакта отурат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.
Саясатчынын бөгөт чарасын сот 24-октябрга чейин деп аныктаган. (RK)

XS
SM
MD
LG