Кемпир-Абад иши: айыпталуучулардын бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды
Орусиянын Херсонго жасаган чабуулунан дагы жети адамдын өмүрү кыйылды. Алардын бири 22 күндүк ымыркай. Ушуну менен Орусия согуш ачкандан бери Украинада 500дөй бала каза болду. Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын жана үй камагындагылардын мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Саясатчы Азимбек Бекназаров ооруп калгандыктан, соттук териштирүү башталган жок. Бостери айылында эс алып жүрүп каза тапкан Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелип төрт адам кармалды.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2024
АКШ бир жылда 500дөн ашуун өзбек жаранын чыгарды
-
Декабрь 19, 2024
Зеленский өнөктөштөрүнө кайрылса, Путин фронт тууралуу айтты
-
Декабрь 18, 2024
Газа: Израилдин соккусу ондон ашык кишинин өмүрүн алды