Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:28

“Меганы” сатып ала турган “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” капиталын 7 млрд сомго жеткирет


“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” сатып алганы жаткан мурдагы "Мегаком", азыркы "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясынын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” сатып алганы жаткан мурдагы "Мегаком", азыркы "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясынын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

“Альфа Телеком” ишканасын (мурдагы "Мегаком", азыркы "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясын) сатып ала турган “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коому миң сомдук 5 миллион нуска акцияны сатыкка чыгарууну чечти.

Бул тууралуу ишкана катталган Кыргыз фондулук биржасы жарыялап, мындай чечимди коомдун акционерлери соңку отурумунда кабыл алганын кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, акциялар толук сатылса, ал 5 млрд сом болот жана анын натыйжасында “Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын” капиталы 2 миллиард сомдон 7 миллиард сомго жетет.

Ачык акционердик коомдун чечиминде белгиленгендей, алар 14,6 миллиард сомдук көлөмдөгү мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча ири келишим жүргүзөт жана алар анын 50% ашыгын сатып алат. Кеп болгон сумма "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясынын мурдараак жарыяланган баасына дал келет.

“Мегага” ээлик кылган “Альфа Телеком” ишканасын Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги 14,6 миллиард сомго баалап, 4-июлда сатыкка чыгарган. Мекеме билдиргендей, арыздарды кабыл алуу ошол эле күнү башталган жана быйыл 2-октябрда аяктайт.

Мунун артынан эле президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Альфа Телекомду” сатыкка чыгарууну Фейсбуктагы баракчасында комментарийлеп, ишкана сатылганда деле мамлекеттин карамагында каларын жазган. Ал “аукционго “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландап жатканын, муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантарын” айткан.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт "Альфа Телеком" компаниясынын 49%ын улутташтырган. 2014-жылы компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн. 2022-жылдын аягындагы баалоо учурунда “МЕГА” мамлекет сатыкка коюла турган 30 ишкананын катарында экенин, убагында 19 миллиард сомго бааланганы айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев быйыл апрелдеги билдирүүсүндө "MЕГА" компаниясынын баасы 14,6 миллиард сом болуп бычылганын, ишкананы баалоо боюнча мекемелер аралык комиссия бул бааны туура деп тапкан чечимин өкмөткө жөнөткөнүн, өзү каршы добуш бергенин маалымдаган. Эл өкүлү “байланыш компаниясы эми Максим Бакиевдин өнөктөшү, чуулгандуу иштерде аты аталган Алексей Ширшов артында турган ишкананын колуна өтүп кетерин” айткан эле.

Кыргызстандагы ири улуттук долбоорлорго инвестицияларды салуу жана экономиканы диверсификациялоо максатында “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомун түзүү тууралуу чечим 2012-жылы кабыл алынып, ошол эле жылы тиешелүү мыйзам чыккан. Иш жүзүндө мындай аталыштагы мекеме он жылдай убакыт уюшулган эмес.

Министрлер кабинети тиешелүү мыйзамдын алкагында 2022-жылдын 31-майында “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасын түзүү токтомун чыгарып, ачык акционердик коом Юстиция министрлигинен 2022-жылдын 25-июлунда каттоодон өткөн.

Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган.

2022-жылы декабрда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасына алгачкы директор болуп Кыргызстандын жарандыгын жаңыдан алган орусиялык Евгения Судец дайындалган. “ПолитКлиника” басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланыштарын иликтеп чыккан соң, маселе парламентте да көтөрүлгөн. Евгения Судец 14-апрелде өз арызы менен кызматын тапшырып, анын ордуна Улан Сарбанов келген. Май айында Сарбанов иштен кетип, анын ордун Талант Өмүралиев ээлеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG