Ушул аптада УКМК экс-министр Динара Кутманованы камады. Ал "Кумтөрдөн" бөлүнгөн жаратылышты коргоо фондундагы акчаны пайдаланууда коррупцияга жол берген деп шектелүүдө. Ошол эле маалда Кутманова өзүнүн айланасындагы окуяларды "Андаш" алтын кенинин лицензиясына байланыштырып жатат. Бүгүн тоо-кен тармагындагы абалды жана акыркы окуяларды талкуулайбыз. "Азаттыктын" талкуусуна катышкандар: Кыргызстандын тоо-кенчилер ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жер казынасын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Руслан Калилов жана жарандык активист Нарис Калчаев.
Тоо-кен тармагы коррупциядан арылабы?
Чыгарылыштар
-
Июнь 26, 2024
"Апрелчилерди" араздаштырган сунуш: мыйзам жана түшүнүк
-
Май 28, 2024
Сүттүн баасы: Эл өкүлдөрү менен өкмөттүн талашы