Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Жарандардын жана мамлекеттик кызматкерлердин салык декларациялары жок кылынат


Мамлекеттик салык кызматынын имараты.
Мамлекеттик салык кызматынын имараты.

Мамлекеттик салык кызматы “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” жаңы мыйзамга ылайык, жарандар ушул жылдын 7-августуна чейин тапшырган бардык салык декларациялары жок кылынарын билдирди.

Салык кызматына мыйзам күчүнө киргенден тартып 60 күндүн ичинде жеке ишкерлерден башка жеке жарандардын декларацияларын жок кылуу тапшырмасы берилген.

Ишкердик кылбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, мамлекеттик кызматта мурда иштегендердин бирдиктүү салык декларациясы жок кылынат.

Президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга 20-июнда кол койгон.

Мыйзам жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдаштырууга багытталган. Жарандар өзүнүн башка кишилердин атына катталган же чет өлкөлөрдөгү байлыгын, мүлкүн ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыра алышат. Мыйзам өлкөнүн экономикасына ички, тышкы инвестицияны көбөйтүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу үчүн кабыл алынды, мүлктөрүн буга чейин жашырып келгендер жоопко тартылбайт деп айтылган.

Мыйзамдуу түрдө жүгүртүүсү чектелген жана алынган активдерге, мүлктөргө, Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө катталып, сот чечими менен конфискацияланган же башка адамдарга өткөрүп берилген, учурда сотто каралып жаткан мүлктөргө бул мыйзамдын тиешеси жок.

Министрлер кабинети көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу өнөктүгү бир жылдан ашуун убакытка созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берген.

Оппозициялык депутаттар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү легалдаштыруу өнөктүгүн коррупционерлердин кызыкчылыгын көздөгөн демилге деп сыпатташкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG