Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы кезектеги стипендия тапшырылды. “Мен кандай өлкөдө жашагым келет?” деген темадагы дилбаян сынагына быйыл 21 бүтүрүүчү катышты. Башкы сыйлыкты Сайкал Алтымышова жеңип алса, Албина Болотбекова 2-орунду, Адеми Адамбек кызы менен Алишер Барктабасов 3-орунду ээледи. Стипендия "Азаттыктын" тайманбас журналисти, 2018-жылы кырсыктан кайтыш болгон Уланбек Эгизбаевдин кыргыз тилин кастарлап, жайылтуу аракетин улантуу максатында төртүнчү жылы тапшырылды.
"Мен кандай өлкөдө жашагым келет?"