Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:58

Талас: Мамыга таңылган шектүү менен кошо дагы бирөө кармалды


Социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеодон алынган сүрөт.
Социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеодон алынган сүрөт.

Таласта уурулукка шектелип, мамыга таңылган адам менен кошо дагы бирөө кармалганын 8-майда “Азаттыкка” облустук милициядан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, алар экөө тең соттун чечими менен бир айга камакка алынды, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурулук”) негизинде тергелип жатат.

Ал эми шектүүгө күч колдонуп, мамыга байлаган адамдар боюнча териштирүү токтогону белгилүү болду.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Динара Сарногоеванын айтымында, “таңылган адам эч кимге доосу жоктугун билдирген”.

Окуя 30-апрелде Талас районуна ​караштуу мал базарда болгон. Милиция “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган” деген кишини топтолгон адамдар электр зымы тартылган мамыга колунан​ жана белинен​ жип менен таңып койгонун маалымдаган.

Видеону социалдык түйүндөр аркылуу бөлүшкөндөр “бирөөнүн чөнтөгүнөн 150 миң сом уурдап жаткан ууруну кармап алышты” деп жазышкан.

Арыз эки кишиден түшкөн, алардын бири 60 миң сомун, экинчиси 6 миң сомун алдырып койгонун билдирген.

Милиция уурулукка шектүү адам Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылынын 34 жаштагы тургуну экенин, анын жанынан 35 миң сомдой акча табылганын, кийин “шектүү катары анын 42 жаштагы шериги аныкталып, кармалганын” маалымдады.

Ууру кылган дегендерди кармап алып, өз алдынча жазалоо аракетин көргөндөр тууралуу видеолор буга чейин да жарыяланып, коомчулукта кызуу талкууланган. Кыргызстан укуктук мамлекет жана мындай маселени милиция, прокуратура, сот чечиши керектиги мыйзамда жазылган. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG