Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Өзбекстан: Айт намазы референдум боюнча үгүткө айланды


Ташкент. 2023-жылдын 21-апрели.
Ташкент. 2023-жылдын 21-апрели.

Өзбекстанда бул жолку Айт намазы референдум боюнча үгүт өнөктүгүнө айланганын “Азаттыктын” өзбек кызматы билдирди. Өзбекстандын Министрлер кабинетинин Дин иштери боюнча комитетинин атын атагысы келбеген өкүлү маалымдагандай, Мусулмандар башкармалыгы 21-апрелдеги Айт намазга карата имамдарга конституциялык референдумдун маани-маңызы тууралуу баяндаган атайын “тезистерди” таратып берген.

Орозо айтка карата намаз бул жолу өлкөнүн бардык аймактарындагы 2 миңдей мечитте окулду. "Ренессанс" телеканалы кабарлагандай, аларга 3,5-4 миллионго жакын адам катышты.

Көптөгөн мечиттерде Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдумга активдүү катышууга чакырыктар айтылганы маалымдалды.

Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү референдуму 30-апрелде өткөнү жатат. Эгер өлкөнүн башкы мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынса, азыркы президенттин буга чейинки эки мөөнөтү жокко чыгарылып, үчүнчү мөөнөткө мамлекет башчы болууга ат салышууга жол ачылат.

Конституцияны өзгөртүү демилгеси бул өлкөдө былтыр көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном Республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан.

Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

Орозо айт майрамын утурлай президент Мирзиёев абакта отурган 541 адамга, анын ичинде диний жана саясий негизде кармалган алты кишиге мунапыс жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG