Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:24

Таластагы Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөрдү


Кара-Буура мындан ары Айтматов деп аталат.
Кара-Буура мындан ары Айтматов деп аталат.

Президент Садыр Жапаров айрым аймак-айылдардын аталышын өзгөртүү тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, Талас облусундагы Кара-Буура району Айтматов болуп алмашты. Аталган райондогу Чымгент айылы Чолпонбай болуп өзгөрдү. Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын аталышы Ормон-Хан болду. Оштун Ноокатындагы Борбаш айылы мындан ары Кайрагач деп аталат.

Өткөн жылдын октябрь айында Министрлер кабинети айрым райондор менен айылдардын аталышын өзгөртүп, өлкөнүн белгилүү инсандарынын ысымын ыйгарууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштаган. Анда мыйзам долбоору мамлекеттик кызыкчылыктарды, тарыхый, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, улуттук идеологияны чыңдоо максатында иштелип чыкканы белгиленген.Жогорку Кеңеш долбоорду ушул жылдын башында, февралда үч окууда жактырган.

Буга чейин айыл-аймактардын аталышын өзгөртүүгө 8 миллион сомдон ашык акча кетери, каражат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан бөлүнөрү айтылган.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан кийин дүйнө салган. ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын эмгектери дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң тираж менен чыгып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG