Туризм департаментинин жана Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын жетекчилиги туристтик тейлөө борбору салына турган жерди инвесторлорго көрсөттү. Бул тууралуу Туризм департаменти маалымдады.
Мекеменин маалыматына ылайык, туристтик тейлөө борбору – кафе, намазкана, даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борборду камтыйт. Департамент туристтик борбор курулуучу жер кайсы инвесторлорго кандай шартта берилерин кабарлаган жок.
2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын макамын өзгөртүп, капчыгайга бизнес объектилерди ачууну сунуштаган. Коомчулукта аймак экологиялык жактан маанилүү экенин айтып, жердин бизнес үчүн берилишин сындагандар болгон.
Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы 1976-жылы негизделген. Ал жалпысынан төрт аймакка бөлүнүп, эс алуу, спорттук альпинизм зоналары баарына ачык. Жапайы жаныбарларды көбөйтүү, байкоо жана азыктандыруу аймагы корукка алынган. (TSh)