Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Финляндия НАТОго расмий кошулду


НАТОнун баш кеңсесинде Финляндиянын желеги көтөрүлдү. Брюссель, 4-апрель, 2023-жыл
НАТОнун баш кеңсесинде Финляндиянын желеги көтөрүлдү. Брюссель, 4-апрель, 2023-жыл

4-апрелде Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто өлкөнүн НАТОго кирүүсү тууралуу документке кол койду. Альянстын Брюсселдеги кеңсеси алдында Финляндиянын желеги көтөрүлдү.

Эми НАТОнун мүчөлөрүнүн саны 31 болуп калды.

Буга чейин нейтралитетти карманып келген Хельсинки былтыр майда Орусия Украинга каршы ачкан согуш журүп жатканда аскердик блокко кошулуу арызын тапшырган. Орусия менен 1300 чакырымдан ашкан чек араны бөлүшкөн Финляндия бийлиги коопсуздук маселелеринен улам андай кадамга барганын билдирген.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москва жооп иретинде “аскердик-техникалык жана башка” чара көрөрүн эскертти.

“Түндүк атлантикалык альянс Орусиянын аймагына жакындоо багытында дагы бир кадам таштады”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Министрлик ошондой эле Финляндиянын НАТОго кошулуусу Москва менен Хельсинкинин эки тараптуу мамилесине терс таасир тийгизбей койбойт деп кошумчалады.

Финляндия менен катар блокко мүчө болуп кирүү арызын Швеция да берген. Бирок ушу тапта Түркия жана Венгриянын жактыруусун күтүп жатат.

XS
SM
MD
LG