Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Бишкек убактысы боюнча саат 10.00го карата маалыматына ылайык, Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондор арасында кыргыз жарандары жок. Адана шаарында 1984-жылы туулган кыргызстандык жаран жараат алганы белгилүү болду жана ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. ТИМ учурда ал жарандын абалы канааттандырарлык экенин, ооруканадан чыкканын маалымдады.
Анталия шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Аданадагы он кыргыз жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан жеткирип, аларды коопсуз жерге жайгаштырды.
Эл аралык медиа НАТОго, Европа Биримдигине мүчө жана башка ондогон мамлекет Түркияга жардам сунуштаганын жазды. Алардын арасында Кыргызстан дагы 60тан ашык адамдан турган куткаруучу топ жөнөттү. Кыргызстандыктар социалдык тармактар аркылуу жана Бишкектеги түрк элчилигине барып тилектештик билдирүүдө.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бир жумалык аза күтүү жарыялады. Соңку маалыматка караганда өлкөдө зилзаладан каза болгондордун саны 2900дөн ашты, дагы 16 миңге чукул киши жараат алды. Урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланып жатат жана каза болгондордун саны улам көбөйүүдө. Коңшу Сирияда мерт болгондордун саны миңден ашып, дагы жүздөгөн киши жабыркады.
Расмий Анкаранын билдиришинче, 3000дей имарат, турак жай кыйрады.