Соңку маалыматтарга ылайык, Түркияда катуу жер титирөөнүн айынан мүрт кеткендер саны 2900дөн ашып, 16 миңге чукул адам жараат алды. Коңшу Сирияда дагы көз жумгандардын саны миңден ашып, дагы жүздөгөн киши жабыркады.
Расмий Анкаранын билдиришинче, 3000дей имарат, турак жай кыйрады. Урандыларды тазалоо, аман калгандарды куткаруу иштери уланууда жана мындан улам каза болгондордун саны дагы өсүшү ыктымал.
Эл аралык медиалар НАТОго, Европа Биримдигине мүчө жана башка ондогон мамлекет Түркияга жардам сунуштаганын жазды. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар жана расмий Бишкек 60тан ашык адамдан турган куткаруучу топ жөнөттү.
Түркиядагы зилзала учурунда Адана шаарында иштеген он чакты кыргызстандык кыз-келин үй-жайсыз калды. Аларга жардам берүү үчүн атайын топ жолго чыгып кеткенин Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошонов "Азаттыкка" билдирди.
Түрк бийлиги зилзаладан 10 шаар - Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Османие, Адияман, Малатя, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис зыян тартканын билдирди.
Түркия менен Сирия чектешкен аймактагы зилзалада курман болгондордун саны 2300дөн ашты
"Анадолу" жаңылыктар агенттиги жазгандай, Түркиянын түштүгүндө жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 1600дөн ашты. Сирияда 783 киши каза тапканы тастыкталды.
Куткаруучулар урандылардын астында калгандарды издеп жаткандыктан, курмандыктардын саны дагы өсүшү ыктымал.
Түрк бийлиги 5000ден көп киши жабыркап, 3000дей имарат кыйраганын кабарлады. Сириядагы жабыркагандар, кыйроолор тууралуу так маалыматтар жок.
Президент Режеп Тайып Эрдоган Түркия алдыдагы жети күн бою аза күтөрүн жарыялады.