Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:49

Садыр Жапаров электр энергиясы кымбаттай турганын жарыялады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 21-январдын түнүндө Фейсбуктагы баракчасы аркылуу энергетикалык абал тууралуу билдирүү таркатты.

Анда ал соңку учурдагы электр энергиясын өчүрүүнүн негизги себеби бул тармактагы жабдуулардын 80% эскирип калганы, ички электр өндүрүү көлөмү колдонуу талабынан ашып кетип жатканы менен түшүндүргөн. Азыркы жарыкты өчүрүүнү «веердик» эмес, «авариялык» өчүрүүлөр деп атаган.

Буга байланыштуу май айынан тарта электрдин тарифи 77 тыйындан бир сомго көтөрүлө турганын жазды.

“Элдин саны дээрлик бир жарым эсеге өсүптүрбүз. Курулуштардын саны дагы эселеп өсүптүр. Ал эми электр энергияны колдонуу 1991-жылы 9 миллиард болсо бүгүнкү күндө 16 миллиарддын тегерегинде болууда. Чоң кубаттуулуктагы трансформаторлор, жогорку чыңалууда аба чубалгылары да жаңыланган эмес. Электр жабдыктардын эскиргени дээрлик 80% жогору. Ошол электр жабдыктары Союз мезгилинде курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө. Анысы аз келгенсип, энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзөт. Так кесе айтсам энергетика тармагыбыз чалажан болуп калган".

Президент кошуна өлкөлөрдөн 3 млрд. кВт саат электр энергиясы үч сомдун тегерегинде импорттолуп, азыр элге 77 тыйындан сатылып жатканын, мындан улам энергетика тармагынын карызы улам көбөйүп жатканын белгилеген.

Ушу тапта элүүгө жакын орто жана кичи ГЭСтер курулуп, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдык жүрүп жатканын кошумчалаган.

Кыргызстанда электр энергиясын кымбаттатуу маселеси акыркы бир нече жылдан бери көтөрүлүп келген.

Акыркы жолу 2021-жылы октябрь айында электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирген. Ага ылайык калк 700 кВт/саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан, мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин төлөй турганы белгиленген.

Энергетика министрлиги Кыргызстанда быйыл катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткенин маалымдаган. 19-январдан тарта электр жарыгы атайын графиктин негизинде эки сааттан өчүрүлө баштады. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG