"Дүйнө - идиш, а биз - шарап..." Вино жөнүндө сүйлөшөбүз
Вино (же шарап) – даярдалышы, сакталышы жагынан өтө назик ичимдик. Анын баасы жасалган жылына, өндүрүлгөн аймагына жараша болот. Кыргыз коомунда вино ичүү маданияты канчалык калыптанган? Шарапты башка алкоголдук ичимдиктерден айырмасы эмнеде? "Ачык Time" подкастында ушул темага кайрылабыз. Спирттик ичимдиктерди көп ичүү саламаттыкка зыян экенин эскертебиз!