Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Кыргызстанда жаңы тоо лыжа курорту курулат


Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш Чүй облусуна "Бирбулак" жаңы тоо лыжа курортун куруу долбоорун бекитти. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында айтылганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусуна "Тамга" эл аралык спорт комплексин куруу долбоору дагы жактырылды.

Мындан сырткары Чүй облусунун Оруу-Сай капчыгайында тоо туризминин кластери курулары айтылып, анда мейманканаларды жана шалелерди куруу, фуникулер жана көтөрүп чыгуучу жабдууларды орнотуу, эл аралык деңгээлдеги лыжа базасы үчүн бардык зарыл инфраструктура түзүлөрү белгиленген. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат.

2023-жылы Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Жети-Өгүз районунда эл аралык олимпиадалык даярдоо борборунун куруу пландалууда. Туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду Баткен районунун Раззаков шаарында санаторий, балдар лагери, коттеждердин курулушу каралган санаториялык-курорттук кластердин эскиздик долбоорун сунуштады. Жыйында өлкөнүн ар бир аймагында ушул сыяктуу жети жаңы объект куруу пландаштырылып жатканы айтылды.

Кыргызстанда жалпысынан 23 тоо лыжа базасы бар, учурда анын 17си иштейт. Кышкы эс алууга ылайыкташкан жайлар негизинен Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG