Украинадагы согуш, Казакстандагы массалык башаламандык жана Черногориядагы көл жээгиндеги өзгөчө ажаткана. 2022-жылы “Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фотокабарчылары тарткан сүрөттөр топтому.
21Пакистандык он сегиз жаштагы студент Алиша Карачи шаарынын көчөлөрүндө өзүнүн авто-рикшасы менен элди ташып иштеп жатат. Алишага машине айдаганды атасы үйрөткөн. Анын атасы алты ай мурун кант диабетинен каза болгон. Азыр Алиша атасынын ордуна отуруп, окуусун улантуу менен бирге үй-бүлөсүн багып келет. (Радио Машал, Азаттык)
22Украин жоокери Денис Орусия Украинага кол салганга чейин археология менен алектенип, мектепте мугалим болуп иштеп жаткан. Эми ал майданда Донецк облусундагы миномет бөлүгүндө согушуп жатат. Сүрөт 29-августа тартылган.
"Биз окопто отуруп алып Денис менен тарых, тарыхый мурастар, Денистин археологиялык экспедициялары, казуу иштерин кантип жүргүзгөнү, жаштарды маданий мурастарды сактап калууга үйрөткөндүгү жөнүндө сүйлөшүп отурдук. Ал азыр Донбастагы окопто археолог экенин тамашалап айтып, күлүп калды. Согуш талаасында аскерлер көп учурда тынч учурда көргөн окуяларын эскеришет", - деп жазган сүрөттүн автору Нужненко.
23Изюм шаарына жакын жердеги токойдо адамдардын жана украин аскерлеринин массалык көмүлгөн мүрзөсү. 15-сентябрь, 2022-жыл. (Сергей Нуженко)
24Күүгүмдө бараткан үйүр. Үйүрдүн Тушети тоолорунан Грузиянын чыгышына ашып бараткан учуру. (Амос Чаппл)
25Баткен районундагы Достук айылы. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин.
"Айылда 70 үй болсо, анын алтымыштан ашыгы өрттөлгөн", - дейт сүрөттүн автору Айбек Бийбосунов.
14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алды. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган куралдуу кагылышта Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. 700гө чукул үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалда калган.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар.
26Сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Ак-Сай айылындагы мектепте тартылган сүрөт.
"Баткенде соңку эки жыл ичинде 60 күндөн ашык жүрүп, чек арадагы айылдардын эки жолу талкаланганына күбө болдум. Сентябрдагы кагылышуу былтыркыга караганда масштабдуу болду. Бул сүрөт Ак-Сай айылындагы мектепте тартылган. Анда курал көтөрүп турган жоокердин кызматташтарынын сөөгү ушул билим берүү мекемесинен табылган. Имараттын ичинде жана сыртында жарылбай калган минометтун огу көп болгондуктан жоокер бизге жол көрсөтүп жүргөн. Мектептеги толук өрттөлгөн класстардын бириндеги доскада “15-сентябрь” деген жазуу өчпөй калган экен. Ондогон кишинин өмүрүн алган окуя 16-сентябрда башталган. Ак-Сайда мектептин имаратынан тышкары жүзгө жакын үй толугу менен өрттөлүп кеткен",- деп жазат сүрөттүн Айбек Бийбосунов.
2713-сентябрда Тегеранда хижаб кийүү эрежесин бузганы үчүн полиция кармап кеткенден кийин 22 жаштагы Махса Амини аттуу кыздын каза болушу өлкөдө жапырт нааразылыкка себеп болду. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесишкен. Косоводо "Адам укуктары үчүн" деген жаштар кыймылынын өкүлдөрү ирандагы аялдарга тилектештик билдирип акцияга чыгышкан. 12-октябрь, 2022-жыл.(Арбен Хоти, "Азаттык") RL)
Акыркы үч айдан бери Иранда өтүп жактан демонстрацияларды колдоогон акциялар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өтүп жатат. Нааразылык акцияларында ирандык аялдарга тилектештик катары кыз-келиндер чачтарын кесишүүдө.
28"Оян Казакстан!" (Ойгон, Казакстан!) кыймылынын мүчөсү 20-ноябрдагы президенттик шайлоо күнү өткөн нааразылык акциясында. Алматы шаары. (Петр Троценко)
29Украиналык аскер дарыгерлери курчоого алынган Бахмут шаарында жарадар болгон бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатышат. Ноябрь, 2022-жыл. (Сергей Нужненко)