Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасына" корогон акча жөнүндө түшүндүрмө берди (видео)


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жоюлуп кеткен "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине коротулган 700 миллион сом тууралуу учкай түшүндүрмө берди. Ал 8-декабрда парламентте "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаевдин суроосуна жооп берип жатып, бул каражаттын басымдуу бөлүгү кайра бюджетке түшөт деп айтты.

"Бул чыгымга жооп берген киши (Тенгиз Бөлтүрүк) азыр камакта отурбайбы. Эгер күнөөлүү же күнөөлүү эмес болсо, ал сот аркылуу далилденет. Прессага чыккан 700 миллион сомдун басымдуу бөлүгү бонус болгон. Биз 10 чакты лицензия бергенбиз, алардын бизнес долбоорлору иштей баштаган. Биз бонус катары Жаратылыш ресурстары агенттигине төлөшүбүз керек эле. Бул акчанын баары эле кайра биздин бюджетке келип түшөт. Алар алган эмеректер боюнча кылмыш иши козголуп, иштер жүрүп жатат. Алардын театр куруу боюнча бизнес долбоорун биз бекитип берген эмеспиз. Дээрлик көпчүлүк долбоорлордун баары кенди өзүбүз иштетебиз деп, ошонун тегерегинде болгон", - деди Жапаров.


Апта башында парламенттин тармактык комитетинде депутат Дастан Бекешев "Улуу көчмөндөр мурасы” жоюлуп жатканы жана аны түзүүгө миллиондогон сом кетип, долбоорлор жазылганы тууралуу маселе көтөргөн. Анда 700 миллион сом чыгаша учуратканын айткан.

Өткөн айдын аягында улуттук холдингдин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк камалгандан кийин ишканага бөлүнгөн каржылоо токтогонун, буга чейин берилген каражаттын калганы кайтарылып, иликтөө жүрүп жатканын билдирген.

Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу ушул жылы сентябрда камалган жана учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Мындан он күн мурда Бишкектеги Октябрь райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 10-январга чейин абакта калтырган.

Садыр Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы” аттуу улуттук холдинг түзүлгөнүн былтыр жыл аягында билдирген. Ушул жылдын февраль айында бул холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG