Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:41

Муфтият "адал сертификаттары" тууралуу түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы "адал (халал) сертификаты" бар деген белги менен өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн санитардык жагына жооптуу эместигин эскертти. Муфтият тараткан билдирүүдө мындай сертификат алуунун талабы жана шарты бар экени белгиленген.

"Муфтият санитардык жагын көзөмөлдөгөн мекеме эмес жана ага укугу жок. Кайсы бир ишкана өндүргөн азык-түлүгүнүн курамын текшертип, ал шарият нормаларына жооп берсе, ошого жараша “адал сертификаты” бир жылдык мөөнөткө берилет. Ал эми өндүрүштүн санитардык жагына Санэпидемстанция жооптуу. Муфтияттын Адал иштерди өнүктүрүү бөлүмү материалдык кызыкчылыкты көздөбөйт. Бөлүм сертификат алууну каалаган ишкерлерге шарияттын эрежелерин түшүндүрүп берет жана адал жаатына жооптуу. Тамак-аштын курамына кошулуучу азыктарды текшерип, адалдыгын карайт. Ишканаларда санитардык талаптардын сакталышы ар бир ишкердин абийиринде болот", - деп жазылган билдирүүдө.

Былтыр апрель айында Экономика жана финансы министрлиги "Адал индустриясы жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Аталган мекеме талкуу маалында долбоорго карата сын-пикирлер жана сунуштар кабыл алынарын билдирген. Анын алдында министрликте адал индустриясын жөндөө бөлүмү ишке кирген.

Кыргызстанда соңку кездери "халал" деген белгиде өндүрүлгөн азык-түлүктөр көбөйүп жатат. Ошондой эле мейманканалар жана таксилер да пайда болгон.

2014-жылы муфтияттын Халал бөлүмү жоюлган. Өзүнчө коммерциялык борбор болуп кайра түзүлүп, ишканаларга сертификаттарды бере баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG