Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:05

Токаев Казакстандын жаңы аскердик доктринасын бекитти


Казакстандын аскердик машыгуусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Казакстандын аскердик машыгуусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Куралдуу күчтөрүн модернизациялоо боюнча жаңы аскердик доктринаны бекитти. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин билдирмесинде айтылгандай, жаңыртылган доктрина “атайын операцияларды ишке ашырган күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатууну” карайт. Мындан сырткары “атайын багыттагы бөлүмдөрдүн башка органдар менен өз ара карым-катышын кеңейтүүнү” камтыйт.

Доктринада Казакстан эч бир өлкөнү душман катары эсептебей турганы көрсөтүлгөн.

Келерки айда өтө турган президенттик шайлоого кайра бараткан Токаев аскердик доктринаны жаңылоо тууралуу алгач 2021-жылдын сентябрында айткан. Анда ал кайрадан түзүлгөн куралдуу күчтөрдү жаңы шарттарга ыңгайлаштыруу, анын ичинде сырткы күчтөрдүн киберчабуулдарына даярдоо үчүн доктринаны жаңыдан жазып чыгуу керектигин билдирген.

Казакстандын доктринанын жаңыланышы коңшу Орусиянын Украинага кол салуусунун фонунда болуп жатат.

Талдоочулар Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мүчөлөрү өз суверенитетине коркунуч жаралгандан улам Москванын аракеттерин ачык колдоодон карманып келе жатканын белгилешет. Алар ошол эле маалда Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга салган санкцияларына илешип калбаганга да аракет кылып жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG