Орусия согуштук фронттон сырткары Украинанын энергетикалык объектилерин кыйратууну улантууда. Соңку суткадагы аткылоодон улам миллиондон ашуун үй-бүлө жарыксыз калды.
Украинанын энергетика тармагынын кеминде 30% талкаланып калганы буга чейин айтылган. Ал арада орус аскерлери Москва күч менен аннексиялаган Херсон облусунун борборунан тургундарды Орусия тарапка мажбурлап эвакуациялоону күчөттү.
Энергетикалык жайларга урулган сокку
Орусиянын армиясы соңку суткада Украинанын энергетикалык инфратүзүмүн көздөй кеминде канаттуу 36 ракета атты. Украин тараптын абадан коргонуу системалары анын 18ин бутага жеткирбей жерге түшүрдү. Калган ракеталар бир топ объектилерди талкалап кетти.
Украин президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда буларга токтолду:
“Кезектеги жапырт урулган соккунун географиясы кыйла чоң болду. Алар Волынь, Одесса, Хмельницкая, Кировоградск, Днепропетровск, Ровненск, Николаев, Запорожье облустарынын аймагын аткылашты. Террорчулардын негизги бутасы – энергетика. Ошондуктан тургундарды электрди өтө сарамжалдуу колдонууга чакырам. Азыр биздин мамлекеттин энергетикасынын туруктуулугу Украинанын ар бир шаарынан жана ар бир районунан көз каранды”.
Расмий маалыматка ылайык, соңку чабуулдардан 1,5 миллиондой үй электр энергиясыз калды. Буга чейин дагы миллиондогон турак-жайларга ток келбей калганы айтылган. Бийлик өкүлдөрү электр менен камсыздоонун бир бөлүгү калыбына келтирилгенин, калгандары боюнча иштер уланып жатканын билдирүүдө.
10-октябрда Орусия Украинанын энергетикалык обьектилерине ракетадан сокку урган. Андан бери Украина күн сайын ракеталык чабуулдарга кабылып жатат. Энергетика министри Герман Галущенко өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасынын 30-40% чейин жабыркаганын маалымдады. Анын чыгымын бир нече миллиард доллар деп эсептелди.
Өкмөт соңку эки суткада электр энергиясын 10% чейин үнөмдөө болгонун, бирок бул жетишсиз экенин кабарлады. Улуттук электр тармактары ишканасы таңкы саат 7ден кечки 10го чейин катаал чектөөлөрдү киргизип, жарыкты кезек менен өчүрөрүн жарыялады. Кээ бир аймактарда жылуулук да жетиштүү берилбей жатат. Күн сууктагандан улам өлкө эки-үч күн мурун жылуулук сезонун расмий ачкан болчу.
Украинанын тургундарынын бири Нина Павленко кыштан кантип чыгабыз деп түйшөлүп турганын айтып берди:
“Бул кыштан кантип чыгабыз билбей турабыз. Анын үстүнө биз пенсионербиз. Эгер электр энергиясы менен чогуу жылуулук берүү таптакыр токтоп калса, кандай кылабыз? Айтор аябай кабатыр болуп жатабыз. Болгон калың кийим-кечени кийип, жууркан-төшөктү калыңдап жатып калат окшойбуз. Сууктан аман-эсен чыгып кетебиз деп үмүт кылам”.
Ал арада украин өкмөтү “Отун” деген программа жарыялап, анын алкагында калкка жылуулук үчүн жыгач отун таратмак болду. Муну үчүн атайын сайт ишке кирди. Жылуулук сезонунда ар бир тургун 15 куб метр отунду акысыз алат.
Херсондогу контрчабуул
Согуштук фронттун линияласында болсо Херсон облусу дале көңүл чордонунда турат. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу ушул багытта катуу жүрүп жатат. Облустун ортосун Днепр дарыясы кесип өтөт, ушул тапта анын эки жээгин тең орус күчтөрү көзөмөлдөп турат. Иш жүзүндө украиндер дарыянын оң жээгин өз көзөмөлүнө алууга басым жасап жатат. Эгер оң жээк бошотулса анда облустун административдик борбору – Херсон шаары да украин тарапка өтөт.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн түштүк командачылыгынын басма сөз катчысы Наталья Гуменюк 23-октябрда өткөн телемарафондо Орусия аскерлерди жана тургундарды оң жээктен сол жээкке эвакуациялоону улантып жатканын ырастады. Ал Орусия жайкын тургундарды “украиндер Кахов ГЭСине сокку урат” деп коркутуп жатканын, бирок станциянын плотинасына орус тарап өздөрү мина коюп салышканын тактады.
“Алар оң жээктен сол жээкке эвакуациясын улантууда. Бирок кадимки көпүрөлөрдү эмес, калкыма көпүрөлөрдү пайдаланып жаткандыктан анысы өтө жай. Элиталык бөлүмдөр жана офицердик курам оң жээкте негизинен мобилизацияга тартылгандарды калтырып, өздөрү сол жээкке чыгып кетүүдө. Биз активдүү аракеттерди улантып, фронттун линиясын кыйла жылдырдык. Алар күчтөрүн көбүнчө сол жээкке топтоп жатышат”, – деди Гуменюк.
Президент Владимир Зеленский мурдараак Европа кеңешинин жыйынында видео кайрылуу жасаганда “Орусия Украинанын түштүгүндө масштабдуу катастрофа жаратууга атайылап түртүп жатканын” айткан эле. Ал “орусиялыктар Кахов гидроэлектр станциясынын плотинасына жана агрегаттарына мина коюшканын, эгер дамбаны жардырып жиберишсе 80 айыл, анын ичинде Херсон шаары суу астында каларын” эскерткен.
Орус күчтөрү Херсон облусунун оң жээгинен акыркы бир жарым айдан бери чегине баштаган. Башында аны ырасташпаганы менен кийин Орусиянын Коргоо министрлигинин картасында бир топ айылдарды таштап чыгып кетишкени көрүнгөн.
Херсон облусуна Орусия дайындаган губернатордун орун басары Кирилл Стремоусов Телеграм-каналындагы соңку билдирүүсүндө алар чегинип жатканын мойнуна алган жок. Бирок ошол эле маалда жайкын тургандарды Херсондон чыгарып жатышканын ырастады:
“Херсон багытындагы абал 23-октябрга карата өзгөрүүсүз турат. Нацисттердин Орусия Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн коргонуу линияларын бузуп кирүү аракеттери жыйынтык берген жок. Украин тарап чоң жоготууларга учурап жатат, танктары жана аскерлери кыйрады. Ага карабай Херсон шаарында жайкын тургундарды оң жээкке эвакуациялоо уланууда”, – деди Кирилл Стремоусов.
Орус күчтөрү жана жикчилдер ушул күндөрү Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Николаев жана Харьков облустарынын азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Харьковдун басымдуу аянтын украиндер сентябрдагы контрчабуулда бошоткон. Августтун аягында башталган чабуулдар дале уланууда.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын эсебинде орус тараптын аскердик жоготуулары 67 миңден ашты. Орусиянын коргоо министрлиги мурдаарак 6 миңдей жоокери өлгөнүн моюнуна алган.
Ал эми Москва согуш башталгандан бери Украинанын 60 миңдей аскерин кырып салганын жар салган. Киев мурдараак өз жоготууларын 9 миңдей деп тактаган.