Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:16

Жалын чулгаган Достук, жарактан чыккан жаңы үйлөр

Баткенде 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууда чек арага жакын айылдагы турак жайлардын дээрлик баары өрттөлүп, талкаланганы маалым болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала эсеп боюнча талкаланган үйлөрдүн саны 365 экенин билдирди.

Мындан тышкары социалдык объектилер жана аскердик казармалар талкаланган. Чыгымды атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия эсептеп жатат. "Озоди" радиосу куралдуу кагылышта Тажикстандын айрым айылдарында үйлөр талкаланганын жазып, фотобаян чыгарды. Бирок тажик өкмөтү канча турак жайы талкаланганын тактаган жок. Көз карандысыз булактардан чыгым тууралуу маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.


Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Айбек Бийбосунов

"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

 

XS
SM
MD
LG