Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

“Алтын казынадагы” жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды


Чүй облустук милициясы тараткан сүрөт.
Чүй облустук милициясы тараткан сүрөт.

Бишкектин четиндеги "Алтын Казына" ресторанында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 20 жаштагы жигит облустук милициянын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда Кылмыш кодексинин "Зордуктоо" беренеси боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

8-августта "Алтын казына" ресторанында администратор болуп иштеген бир нече адам аталган жайдын жашы жете элек официантын зордуктаганы жөнүндө маалымат тараган. Бул тууралуу зомбулукка кабылган кыздын ата-энеси коомчулукка кайрылган. Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр 17 жаштагы кызды ресторандын жанындагы мейманканага камап, зомбулук көрсөткөн.

Расмий маалымат боюнча, 2021-жылы зордуктоо фактысы боюнча 604 иш катталып, анын 325и кыскарганы белгиленген. Кыргызстанда жашы жете электерди сексуалдык зомбулук көрсөтүү фактылары соңку мезгилде кызуу талкууланып келет. Бир ай мурун дагы бир жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган. (AiA)

XS
SM
MD
LG