Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Борбор Азия лидерлеринин бешинчи жыйынына Тажикстан төрагалык кылат


Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын саммити өттү. 21-июль, 2022-жыл. Чолпон-Ата.
Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын саммити өттү. 21-июль, 2022-жыл. Чолпон-Ата.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кеңешмесине төрагалык кылуу Тажикстанга өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда Чолпон-Атадагы саммит учурунда билдирди.

Анын айтымында, Азербайжан кийинки консультативдик жолугушууга ардактуу конок катары катышууга кызыкдар. Азербайжан төртүнчү жолугушууга да катышууга каалоосун билдирген.

“Бирок, алдын ала кеңешүүчүлөр азырынча консенсус жок экенин көрсөттү. Буга байланыштуу каршылык болбосо, тышкы иштер министрлерине маселени иштеп чыгып, дипломатиялык каналдар аркылуу маалымат берүүнү тапшырууну сунуштайм”, - деди Жапаров.

Мунун алдында жыйында сөз сүйлөгөн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин кеңешмесине Орусия менен Кытай байкоочу катары катышса болорун билдирген.

Чолпон-Ата саммитинин жыйынтыгында чөлкөмдүн лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндөгү ички процедуралар аяктагандан кийин бул документке кол коймой болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG