Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Чолпон-Ата: Борбор Азия лидерлери келишимге кол койду

Чолпон-Атада Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчыларынын төртүнчү кеңешмеси аяктады.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Чөлкөмдүн лидерлери биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

12:51 21.7.2022

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев: Талдоолор оң жылыштар бар экенин көрсөткөнү менен биздин мамлекеттердин соода-экономикалык алака-катышы дагы деле толук ачылбай турат. Ушундан улам биз өз ара соода-сатыкка түрткү берүүнүн жаңы жол-жобосун, ыкмасын жигердүү киргизүүнү сунуштайбыз. Сөз чек арадагы соода-сатык, товарларды алып өтүүнүн жөнөкөйлөштүрүү жол-жобосу тууралуу болуп жатат.

12:50 21.7.2022

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов аймактагы туруктуулук, ишеним тууралуу сөз кылды. Анда беш мамлекеттин Тышкы иштер министрликтери аркылуу кызматташууну күчөтүү керектигин белгиледи.

12:47 21.7.2022

Садыр Жапаров: Биргелешкен орток телеканал ачып, ал жерде элибиздин экономикасы, жашоо-турмушу, маданият, киносу тууралуу маалымат берип турсак туура деп ойлойм.

12:45 21.7.2022

Садыр Жапаров: Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан жыйында туризм тууралуу айтпай кое албайм. Жалпы туристтик көргөзмөлөрдү жана ар бир мамлекет боюнча туристтик маалыматтарды жайылтып турууну сунуштайм.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG