Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:04

Орусиянын курамындагы айрым улуттардын активисттери АКШдан колдоо сурады


Орусия Федерациясынын курамындагы субъектилердин, республикалардын картасы.
Орусия Федерациясынын курамындагы субъектилердин, республикалардын картасы.

Орусия Федерациясынын курамындагы айрым эл өкүлдөрүнөн куралган Эркин Улуттардын Лигасы (Лига Свободных Наций) кыймылынын бир нече активисти Кошмо Штаттардын президенти Жо Байденге кайрылуу жолдоп, өз улуттарынын өзүн-өзү аныктоо укугун ишке ашырууга көмөктөшүүнү өтүнүштү. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" татар-башкыр кызматынын "Idel.Реалии" долбоору кабарлады.

Эркин Улуттардын Лигасынын мүчөлөрүнүн Вашингтондогу митинги.
Эркин Улуттардын Лигасынын мүчөлөрүнүн Вашингтондогу митинги.

Лиганын мүчөлөрү, бурят Ражана Дугар-ДеПонте, татар Иршат Хаби жана эрзя элинин өкүлү Виталий Ромашкин буга байланыштуу Вашингтондо акция өткөрүп, өздөрүнүн улуттук желектерин көтөрүп турушту. Алар өз акциясын жана ачык кайрылуусун АКШда 1959-жылдан бери өтүп келаткан Эзилген калктардын аптасы жылдык мааракесине арнап өткөрүштү.

“Биз өз элибиздин келечегин Орусиянын курамында көргүбүз келбейт жана Кремлдин аскердик кылмыштарына жооп бергибиз келбейт”, – деди Виталий Ромашкин акцияда Орусиянын аскерлеринин Украинага чабуулу жөнүндө айтып жатып.

Ражана Дугар-ДеПонте Орусиянын курамындагы башка калктар иш жүзүндө Москванын жана анын режиминин барымтасында экенин билдирди.

“Алар бизге же согушасың, же абакка олтурасың деген тандоо коюп жатышат. Орусиянын агрессиясын колдобосок, анда биздин жарандар камалышат”, – деди бурятиялык айым.

Татарстандык Иршат Хаби алардын республикалары келечекте Орусиядан көз карандысыздык алышы керектигин белгилеп, аны башка тарыхый шарттар менен окшоштурду.

“Азыр биз 40 жыл мурдагы Украина, Эстония, Литва же Латвия сыяктуу абалдабыз. Биз деколонизацияга жетүүгө умтулабыз, бул күрөштө бизге өнүккөн демократиялык өлкөлөрдүн жардамы зарыл”, - деди Хаби журналисттерге комментарий берген учурда.

Эркин Улуттардын Лигасынын мүчөлөрү өзүн-өзүн аныктоо укуктары тууралуу жарыялоо үчүн ушул ишемби, 23-июлда ар кайсы өлкөлөрдө митингдерди өткөрөрүн жар салды. Бул уюм башкыр, бурят, ингерманланд, орус казактары, калмак, татар, ингуш, эрзя, удэгей элдеринин улуттук кыймылдарынын бирикмеси. Алар Орусиянын курамынан чыгуу жана өз алдынча мамлекеттерди түзүүнү башкы максат кылып коюшкан.

Орусия федерациялык мамлекет болуп саналат жана анда жалпы 85 тең укуктуу субъект бар. Анын 22си ар кайсы улуттардын республикалары. Кез-кезде алардын көз карандысыздыгы жөнүндө ар кайсы платформаларда сөз болуп калат.

Москва Эркин Улуттардын Лигасынын активисттеринин соңку чакырыктарына комментарий бере элек.

Орусиянын азыркы Конституциясында кайсы бир субъекттин федерациядан бөлүнүн чыгуу мүмкүнчүлүгү каралган эмес. Өлкөдө мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууну көздөгөн аракеттерди жүзөгө ашырууга ачык чакырык жасагандарга каршы кылмыш беренеси бар. Ага ылайык, мындай кадамга баргандар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Дагы бир беренеде Орусиянын аймактык бүтүндүгүнө шек келтиргендерди он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG