Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:53

Рысалиева: Мигранттар кыргызча психологиялык кеңеш берүүчү платформага муктаж (видео)


"Чөйрө" форумунун чет жактагы кыргыз диаспораларынын жетишкендиктерин жана көйгөйлөрүн талкуулаган бөлүгү, 13-июль 2022-жыл.
"Чөйрө" форумунун чет жактагы кыргыз диаспораларынын жетишкендиктерин жана көйгөйлөрүн талкуулаган бөлүгү, 13-июль 2022-жыл.

Италиядагы кыргызстандык мигранттар кыргыз тилинде психологиялык жардам көрсөтүүчү санарип платформаларга муктаж. Бул тууралуу Италиядагы “Кыргызстан Сардиния Онлус” ассоциациясынын вице-президенти Таалайкүл Рысалиева Люцерн шаарында өтүп жаткан “Чөйрө-2022” форумунда билдирди.

Ал Италияда кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү үй жумушчусу катары кары-картаңдарды, балдарды багып иштей турганын, алардын арасында депрессияга же стресске туш болгондор бар экенин, мигранттардын бир бөлүгү тил барьеринен улам италиялык психологдорго бара албай жатканын белгиледи.

«Алар биринчиден үйүнөн алыс. Барган жеринде бейиш болуп кетпейт. Жумушта ар кандай учур болот. Жумуш берүүчүлөр менен тил табышпай калат. Мекенинде үйүндө калган жакындарынан да жетиштүү колдоо албай калат. Үй-бүлөдө кызгануу деген болот. Депрессияга, стресске түшүп кетип жатышат», - деди Рысалиева.

Ал кезинде Италияда иштеп кеткен украиналык мигранттарга байланыштуу сурамжылоолор жүргүзүлгөнүн, анын натыйжасында мигранттар кабатырлануу, уйкусуздук жана табиттин жоголушу сыяктуу окшош маселелерге туш болгону аныкталганын, бул “Италия синдрому” деп аталганын эске салды. Рысалиева кыргыз мигранттарынын арасында мындай тобокелчиликтерди алдын алууга чакырды.

13-июлда Швейцариянын Люцерн шаарында чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын "Чөйрө-2022" деп аталган форумунун экинчи күнү уланып жатат. Форумга Германия, Швейцария, Австрия, Франция, Чехия жана Түркия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө жашап иштеген ондогон кыргызстандыктар, IT көчмөндөр, кыргыз диаспораларынын лидерлери катышууда.

XS
SM
MD
LG