Коомчулук, кыргыз медицинасы жана бийлик "каралуу июлдан" кандай сабак алды? Бул учурда каза болгон адамдардын жакындары өз суроолоруна жооп таптыбы? Убадаланган ооруканалар салынып, медицина тармагындагы кемчиликтер оңдолдубу? Азыр абал кандай, калкты эмдөө, вирустан коргонууга карата азыр кандай талаптар бар? Алдыда "Арай көз чарай" талкуусунда бул суроолорго жооп издейбиз. Бул талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, 2021-жылы "каралуу июль" боюнча түзүлгөн тармактык комиссияны жетектеп турган Элвира Сурабалдиева, Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков, "Биз чындык үчүн" кыймылынын негиздөөчүсү Ырыскан Зулпукарова, "каралуу июлда" апасынан ажыраган Айнура Туйбаева катышат.
"Каралуу июлга" эки жыл. Кыргызстан кандай сабак алды?
Коомчулук, кыргыз медицинасы жана бийлик туура эки жыл мурдагы "каралуу июлдан" кандай сабак алды? Ал кезде коронавирустан каза болгондордун жакындары өз суроолоруна жооп таптыбы? Убадаланган ооруканалар салынып, кемчиликтер оңдолдубу? Бул суроолорго "Арай көз чарай" талкуусунда жооп издейбиз.
Чыгарылыштар
- 
![Шайлоо: Жергиликтүү кеңештердин салмагы кандай болот?]() Сентябрь 19, 2024 Сентябрь 19, 2024Шайлоо: Жергиликтүү кеңештердин салмагы кандай болот?
- 
![Кыргызстанда насыя эмнеге кымбат?]() Июль 09, 2024 Июль 09, 2024Кыргызстанда насыя эмнеге кымбат?
- 
!["Апрелчилерди" араздаштырган сунуш: мыйзам жана түшүнүк]() Июнь 26, 2024 Июнь 26, 2024"Апрелчилерди" араздаштырган сунуш: мыйзам жана түшүнүк
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
