Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18
Акылбек Жапаровдун кызматка киришкен учуру. 13-октябрь, 2021-жыл.
Акылбек Жапаровдун кызматка киришкен учуру. 13-октябрь, 2021-жыл.

Парламент өкмөттүн маалыматын укту

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат берип жатат.

21:44 29.6.2022

Августтан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы көбөйөт

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Өкмөт башчы айлык канча пайызга жогорулай турганын тактаган жок.

20:22 29.6.2022

Кыргызстан менен Кытай бажыдагы эки башка эсепти чогуу текшерет

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү боюнча тараптар эки башка маалымат берип жатканын териштире турган мамлекеттер аралык жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 29-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

“Кытайдын Экономика жана комерция министрлиги менен бирге жумушчу топ түзүлөт. Ал күн тартибине киргизилген. Азыр эки өлкөнүн бажы органдарынын ортосундагы статистиканы бирдиктүү түргө келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлөт”, - деди Амангелдиев.

Депутат Эмил Токтошев Мамлекеттик бажы кызматынан эки башка чыккан статистикалык маалыматтын себебин сурады.

Аталган мекеменин башчысы Самат Исабеков муну Кытай транзит катары өтчү жүктөрдү да Кыргызстанга чыккан товар деп эсептеп жатканы менен түшүндүрдү.

20:21 29.6.2022

Тенгиз Бөлтүрүк кош жарандыгы тууралуу суроого так жооп берген жок

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында Министрлер кабинети маалымат берип жаткан чакта "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн кош жарандыгы тууралуу суроо берди.

"Балким, сиз Кыргызстандагы эң патриот адамдын бирисиз. Мен мисалы баш-аягы ондой мамлекетте окудум, бирок жарандык алып ошол жакта калып калууну такыр ойлогон эмесмин. Сиздин жарандыгыңыз боюнча дагы эл арасында көп сөздөр бар. Элибиз көп нерсеге ишенбей калган. Ачыгын айтып коеюн, "эртең-бүрсүгүнү чемоданын көтөрүп кетип калат, биз анда эмне кылабыз", деген да пикирлер бар. Тынчыраак уктайлы, ушуга жооп берип коюңузчу?".

Бөлтүрүк кош жарандыгы жөнүндөгү суроого бир ыктай жооп берген жок.

"Араңарда деле кош жарандыгы барлар отурат. Орусиянын жарандыгын алган кыргыздар толтура. Аскар Акаев, Бакиевдер кыргыздын эле жарандары болгон. Алар азыр кайда жүрөт? Мен Кыргызстанга тигил жактан (Канададан - ред) келдим, өзүм Түптөн болом. Ошол жакта төрөлгөм. Өмүр бою Кыргызстанда иштейин деп келдим. Паспортума тийишпей эле койгулачы, ал жакта балдарым окуп жатат. Мен билгенимди, тажрыйбамды Кыргызстанга жумшайын деп келдим",-деди Бөлтүрүк.

20:07 29.6.2022

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү боюнча тараптар эки башка маалымат берип жатканын териштире турган жумушу топ түзүлөт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 29-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

Депутат Эмил Токтошев Мамлекеттик бажы кызматынан эки башка статистикалык маалыматтын чыгып жаткан себебин сурады. Кызматтын башчысы Самат Исабеков Кытай транзит катары өтчү жүктөрдү да Кыргызстанга чыккан товар деп эсептеп жатканы менен түшүндүрдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG